Сарвастивада

Википедия дан

Сарвастивада (Вайбхашика) – Буддизмдин Хинаяна агымынын эң ири алгачкы философиялык мектептеринин бири (Вайбхашика деп да аталат).

Сарвастиваданын негизин дхарма окуусу түзөт. Бул мектеп башкалардан айырмаланып аң-сезимдин дүйнө таануудагы ордун биринчи орунга коет. Алар айланабыздагы көрүп турган нерселерди биз түшүнгөндө гана жашайт (бар болот), эгер түшүнбөсөк, ал жокко эсе, жашабайт дешкен.

Сарвастивада деген аталыштын себеби: алар нерсени (буюмду) үч мезгил менен (өткөндөгү, учурдагы жана келерки – sarva, kale, asti) ченейт. Ал ар (дүйнө, нерселер) аң-сезимдин натыйжасы деп эсептешет. Сарвастивада Сбхавирова (Тхеравада) мектебинен III соборго чейин, тактап айтканда Ашоканын учурунда эле бөлүнүп чыккан. Алгач Сарвастиваданын борбору Матхура болуп, бирок б. з. 2-к-да бул мектептин таасири түндүк-батыш Индияга чейин таркайт, Кашмир менен Гандхара анын негизги борбору болгон. Ошол мезгилден баштап, Кашмирлик буддистер өздөрүн «абхидхармика» деп, ал эми Сарвастивада Гандхарлар «нашчатия» (тактап айтканда Кашмирден батыш жакта турган) деп аташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]