Сариева Калбүбү

Википедия дан

Сариева Калбүбү - акын.

Калбүбү Сариева 1951-жылы 9-январда Кара-кулжа районунун Күйөө-Таш айылында туулган.
1967–1971-жж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетинде окуган.
1971–1973-жж. Кара-Кулжа районунун Терек, Кайың-Талаа орто мектепте-ринде мугалим,
1973–1992-жж. «Мугалимдер газетасынын» редакциясында адабий кызматкер, кабарчы,
1992–1993-жж. «Адам жана табият» журналынын редакциясында, «Кыргыз руху» гезитинде комментатор,
1993-жылдан Улуттук Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда улук илимий кызматкер болуп илимий иликтөө тармагына өтөт.
Биринчи ыры 1964-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде жарыяланган. Чыгармалары мезгилдүү басма сөздөрдө жана «Байчечекей», «Темир канат», «Жалын» альманахтарында жарык көрүп келген. Поэтикалык жыйнактардын, илимий монографиянын автору.
«Студенттик жаз – 69», «Студенттик жаз – 71» жаш акындардын фестивалдарында катышып, I даражадагы диплом менен сыйланган. 1982-жылы Львов шаарында өткөн Жаш акындардын бүткүл союздук фестивалынын катышуучусу.
1978-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1993-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1982-жылы «Эл агартуунун отличниги», 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын дипломанты болгон, 2002-жылы философия илимдеринин кандидаты даражасын алган.

2015-жылы диссертация коргоп, философия илимдеринин доктору даражасын алган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Шоокум: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 32 б.

Жаштык учкуну: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 52 б.

Чек ара. – Ф.: Адабият, 1989. – 48 б.

Асмансыз жылдар: Ырлар. – Б.: 1998. – 80 б.

Аалам тепкичтери, же өткөөл өмүр трактаты. – Б.: Бийиктик, 2005.

Модель жана тааным: Монография. – Б.: Айат, 2005. – 134 б.

К.Сариева.Тоо философиясы.Монография.-Бишкек: Улуу Тоолор, 2014.-296 б.