Сарманбетов Айдарбек

Википедия дан

Сарманбетов Айдарбек — жазуучу.

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында 1953-жылы 8-июнда туулган.

1973-жылы Советтик Армияда кызмат өтөп келгенден кийин «Кыргызавтомаш» заводунда жумушчу, «Кыял» элдик кол өнөрчүлөр бирикмесинде, Кыргыз көркөм фондунда мастер-сүрөтчү болуп иштеген.

1986–1992-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинде сырттан окуп, журналист адистигин алган.

1990-жылдан баштап «Камвольшик» гезитинде кабарчы-котормочу, «Дыйкандар» гезитинде бөлүм редактору, «Кыргыз руху», «Zаman Кыргызстан», «Кыргыз Туусу» гезиттеринде башкы редактордун орун басары, «Дил» жана «Кеңеш» коомдук-саясий гезиттеринин башкы редактору, 2007-2009 жж. Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы, «Кыргыз адабияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, 2009-жылдан «Жаңы Ала-Тоо» Эл аралык адабий-көркөм журналында башкы редактордун, редакциялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Чыгармалары 1982-жылдан тартып республикалык жана чет өлкөлүк басма сөз беттеринде жарыяланып келет.

1985-жылы «Кыргыз маданияты» гезити өткөргөн фантастикалык аңгемелер сынагынын, 1995-жылы «Манас – 1000» дирекциясы менен Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун эл аралык сынагынын, ЮНЕСКОнун «2008-жыл – Махмуд Кашгари жылы» программасынын алкагында Евразия жазуучулар бирлиги өткөргөн аңгеме-сынагынын Кыргызстандагы, 2009-жылы Казакстан элчилигинин «Кыргызстан-Казакстан түбөлүк достук» сынагынын, ошондой эле 2006-жылы Жогорку Кеңештин, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, 1994-жылы Фридрих Эберт фондунун ж.б. көптөгөн сынактарынын жеңүүчүсү.

Чыгармалары орус, түрк, казак, түркмөн тилдерине которулуп алардын альманахтарында, адабий жана илимий журналдарында жарыяланган.

1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1995-жылы «Манас-1000» медалы, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кымча бел. – Ф.: Адабият, 1991. – 48 б.
  • Жүкө балбан. – Б.: Гүлчынар, 2007. – 212 б.
  • Аңгемелер. - Б.: Турар, 2008. – 148 б.
  • Мекенсиз. – Б.: Турар, 2009. – 324 б.

Башка тилдерде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Аладагның гуллери: К-те: Анталогия. – Ашгабад, 1999. – 342 б. – түркмөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]