Сартбаев Калкабай Калыкович

Википедия дан

Сартбаев Калкабай Калыкович (1911-1988) - кыргыз совет тилчиси, филология илимдеринин доктору (1954), профессор (1954), Кыргыз ССР ИАнын корреспондентмүчөсү (1994). 1945-жылдан КПСС мүчөсү.

  • КМГШни бүткөн (1939).
  • 1950-1951-жылдары МГУда доцент,
  • 1954-1959 жылдары КМУнун филология факультетине декан,
  • 1959-1975-жылдары кыргыз тил, кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы кафедраларына башчы.
  • 1975-жылдан кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасында профессор.

Сартбаевдин негизги илимий эмгектеринде кыргыз тилинин кошмо сүйлөмүнүн синтаксиси, кыргыз тилин окутуунун методикасы, кыргыз адабий тилинин өнүгүшүнө, жалпы тил илимине тийиш маселелер изилденет.

Анын кыргыз жана орус тилдерин, түрк тилдерин салыштырып изил деген эмгектери, ошондой эле жогорку окуу жайлары менен орто мектептер үчүн түзгөн окуу китеитери да бар.

Бардыгы болуп 160 илимий эмгек жарыялаган. Сартбаевдин жетекчилиги менен 1955-1978-жылдары филологиялык жана педагогикалык илимдеринин 25 кандидаты, 1 доктору даярдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9