Сарылар

Википедия дан
Сары‎»‎ барагынан багытталды)

САРЫ, шары – 11-кылымда Борбордук Азиядагы түрк тилдеринде сүйлөгөн калк. Марвазинин (12-кылым) жана Ауфинин (13-кылым) эмгектеринде бул элдин 11-кылымда көчмөн кун элинин кысымынан түркмөндөрдү көздөй журт которгонун эскерилет. Эфестик Матвей сарыларды кай (жылан) деген эл сүрүп чыгарганын жазган. Болжолу, кыпчак урууларынын өзөгүн сарылар түзгөн. Сарылар этнокомпоненти түрк-моңгол тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыздарда да кездешет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.