Сарыбай уулу Үркүмбай

Википедия дан

Сарыбай уулу Үркүмбай — зергер, жыгаччы. 1910-ж. Алай районундагы Кичи-Каракол айылында туулган. 13 жашынан узанууга отурган. Зер буюмдары менен катар эле ээрди курап да, туюк да чабат. Боз үйдүн уук-керегелерин матайт. Уста учурунда жамбы кесе да жасаган. Жыгач идиштерин кырып, элдин мүдөөлөрүнө жараган. Ат жабдыктарын кайып да, өрүп да кармайт. Ал элечек, кеп такыя, чач кап, чолпу сымал кийимдердин күмүш нускаларына узанууга «чапкылоо», «тордоо» ыкмасын арбын пайдаланат да, «тумарча» төрт бурч түспөлүн берген. «Күбөкчө» түспөлүн да колдонгон. Зергердин чоң атасы Кадыркул (Кара уста - өңү кара болгондуктан), бир тууганы Эшкул (Сары уста - өңү сары болгондуктан) кадимки Курманжан Датканын ат жабдыктарына, зер жасалгаларына баса отуруп узанышкан. Үркүмбай устанын уулдары Турдубек (мугалим), Муратбек (уста), Кадырбек, кызы Калбү ата өнөрүн улап келишүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0