Сарыкамыш тоо кыркасы

Википедия дан

Сарыкамыш тоо кыркасыСуусамыр тоо кыркасынын түштүк-чыгыш тармагы.

Көкөмерен м-н Көбүк суусунун аралыгында, Жумгал районунун аймагында. Кеңдик б-ча 39 кмге созулат. Туурасы 17 км. Орт. Бийикт. 3800 м, эң бийик жери 4042 м. Ортоңку бөлүгү бийик, мөңгүлүү. Түштүк Капталы узун ж-а тигирээк, түндүгү кыска, жантайыңкы. Батыш бөлүгү аскалуу, капталдары кокту-колоттуу. Ортоңку бөлүгүндө шиш чокулар, жалама беттер арбын, терең капчыгайлар бар. Чыгышы негизинен түзөң, байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешип, капталдары Көкөмерен суусуна карай жантайыңкы. Тоодон Көкөмерендин сол куймалары – Көбүксуу, Кашкасуу, Туура-суу, Тууракайың, Каракүнгөй, Тууратерек ж. б. суулары агып түшөт. Негизинен порфириттүү гранит, адамеллит, гранит-диорит интрузия тектеринен турат. Кургак талаа ж-а бадал аралашкан талаа (2400 м бийиктикке чейин), 3000 мге чейин бадалдуу, айрым жеринде сейрек арча токой аралашкан шалбаалуу талаа ж-а шалбаа, 3700 мге чейин субальп, альп шалбаалуу талаа ж-а шалбаа, андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары тараган. Жайыт; чабынды жерлери арбын. Тоо этегинде Сарыкамыш, Чаңдөбө кыш. ж-а кыштоолор бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2