Сары-Бээ – Таш-Көмүр кени

Википедия дан

Сары-Бээ – Таш-Көмүр кениЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Таш-Көмүр шаарынан 22 км түштүк-чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин түштүк этегиндеги Сарыбээ суусунун Майлы-Сууга куйган жеринде. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1952-ж. геол. чалгындоо жумуштары аяктап, запасы эсептелген. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Көмүр катмарлары чопо, алевролит тектеринин арасында жайгашкан. Мында көмүрдүн өнөр жайлык маанидеги эки катмары бар. Үстүнкүсү 1,45 м, астынкысы 7,3 м калыңдыкта. Көмүр Таш-Көмүр маркасына кирет. Күлдүүлүгү 10%ке чейин. Жылуулук берүү энергиясы 20,41 МДж/кг. Запасы А категориясы боюнча 0,1 млн т, В – 0,9 млн т, С1– 5,6 млн т. С2–11,7 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]