Сары-Камыш шаар чалдыбары

Википедия дан

САРЫ-КАМЫШ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 13–14-кылымдагы кербен сарайдын калдыгы. Ысык-Көл районундагы Сарыкамыш кыштагынын аймагында. Жалпы түзүлүшү чарчы келип, аянты 32х40 метр; дубалы бышырылган кыштан тургузулган. Кербен сарайдын кире бериши кооздолуп, ортосунда эшиги, бурчтарында тирөөчтөрү болгон. Тирөөчтөр оймо-чиймелүү кыштар менен кооздолгон. Казууда карап идиштер жана малдын сөөктөрү табылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.