Сары-Суу

Википедия дан

Сары-Суу, Күрпүлдөктүн Сары-Суу — «Манас» эпосундагы топоним. Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашына Коңурбайды чакыртып жаш Айдарды жөнөткөндө «Сары-Суу» деп «Күрпүлдөктүн Сары-Суу» (Саякбай Каралаев, 2.19) эскерилет. Кытайлар аны Хуанхэ, монголдор Шар мөрөн, кыргыздар «Сары-Суу« деп аташкан. Баарынын маңызы бир: ылайланып аккан чоң сары өзөн. Кытайда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4