Саскэ Учиха

Википедия дан

Саскэ Учиха (жап. う ち は サ ス ケ) - Масаси Кисимото ойлоп чыгарган "Наруто аниме" (англ. Naruto) жана манга франшизасынын каарманы. Саскэ, кайгылуу тагдыры менен белгилүү болгон күчтүү Учиха нинжалар үй-бүлөсүнүн өкүлү. Коногагакура кыштагына шериктеш болгон Учиха уруусун Саскэнин улуу агасы Итачи кырып өлтүргөн. Сериялардын башында Саскэнин эң негизги максаты үй-бүлөсүн кырган агасын табып өлтүрүү болот, бирок кийинчирээк, Саскэ өзүнүн тобунун мүчөлөрүнө, өзгөчө Наруто Узумакиге жардам көрсөтө баштайт, алар акырында дос болуп калат. Саскэ каарманы сериялардын негизинде тартылган бир канча тасмаларда жана башка медиаларда пайда болот, алардын ичине бир канча видео оюндар жана оригиналдуу видео анимациялар кирет. Ошондой эле, алардын арасына өзгөчөлөнүп "Боруто: Наруто тасмасы" (англ. Boruto: Naruto the Movie) жана "Боруто: Нарутонун кийинки мууну" (англ. Boruto: Naruto Next Generations) кирет, акыркы мангада Саскэ Нарутонун баласы Боруто Узумакинин устаты болот.

Саскэ каарманы бир канча аниме жана манга басамаларда сынга алынып бааланган. Рецензенттер Саскэ каарманын муңдуу, обочолонгон жана четтелген каарман катары белгилешсе да, ал манганын кадимки "атаандаш" каарманы болуп саналат. Саскэ каарманы манганын башка каармандары менен атаадаштык мамилеси үчүн жана жалпы сюжетке таасир кылганы менен жогору бааланган. Мындан тышкары, Саскэ каарманы "Наруто" манганын окурмандар базасында популярдуу болуп сурамжылоолордун эң жогорку орундарын ээлеген. "Наруто" манганын товарлары арасында Саскэ каарманы сымал оюнчуктар жана тукабадан жасалган куурчактар пайда болгон.

Түшүндүрмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сюжетте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]