Сатарова Жыпар
Сатарова Жыпар (15.9.1955-ж.т., Өзгөн району, Көлдүк айылы) - райондун ардактуу атуулу.
- Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн (1980).
- 1980-82-жылдары Фрунзе шаарындагы №1 клиникалык ооруканасында врач-терапевт,
- 1982-95-жылдары Фрунзе шаардык №5 поликлиникасында врач-терапевт, физиотерапевт,
- 1997-2003-жылдары Жалал-Абад облустук медициналык статистика бюросунда врач-методист, начальник,
- 2003-04-жылдары Жалал-Абад облусту медициналык-информациялык борбордун директору,
- 2004-10-жылдары Чаткал, Тогуз-Торо,Токтогул райондорунда жүргүзүлгөн пилоттук “Жаш балдарды өөрчүтүү” долбоорунун координатору,
- 2010-11-жылдары ЮНИСЕФтин координатору болуп иштеген.
- Кыргыз Республикасынын салаттык сактоосунун отличниги.Грамоталар менен сыйланган.
- Чаткал районунун ардактуу атуулу.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6