Сатимбаев Өзгөрүш
Сатимбаев Өзгөрүш (1938-ж.т., Коргон-Төбө айылы) - финансы тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.
- Фрунзе кооператив техникумун (1963) бүткөн.
- Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн (1958-60).
- 1955-58-жылдары Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылындагы сельподо эсепчи,
- 1961-ж. Чаткал сельпосунун бухгалтери,
- 1963-68-жылдары Чаткал жумушчулар кооперациясынын бухгалтери, башкы бухгалтери,
- 1968-76-жылдары Чаткал жумушчулар кооперациясынын төрагасынын соода боюнча орун басары, башкы бухгалтери,
- 1976-86-жылдары Чаткал райондук керек-жарак коомунун башкармалыгынын төрагасы,
- 1986-91-жылдары “Беш-Арал”, “Ак-Таш”, “Чаткал” совхоздорунун башкы бухгалтери,
- 1992-98-жылдары “Ыдырыс” бирикмесинин бухгалтери болуп иштеген.
- Райондук, айылдык кеңештин бир нече жолку депутаты.
- Республикалык, облустук керек-жарак союздарынын «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6