Сатурация

Википедия дан

Сатурация (лат. saturatio - каныгуу) — суюктуктарга каныгуу, анын ичинде кандын плазмасына жана башка биологиялык суюктуктарга, газдарга каныгуу. Кандын сатурациясындагы газ алмашууда (кара) биринчиден кычкылтекке (кара.) каныгуу сөзсүз түрдө жүрүүчү процесс болушу керек.

Жалпы маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эритроциттердин гемоглобини менен байланышардын алдында кычкылтек сатурация баскычынан өтөт же кандын плазмасында эрийт[1]. Кычкылтектин 98%ы эритроциттер менен бирге ткандарга өтөт, бирок 2%ы эриген бойдон плазмада калат. Кандын жана ткандардын сатурациясы азот, гелий, суутек жана башкалар менен байланышкан кээ бир шарттарда болуп өтөт. Кээ бир адамдар кесиптик зарылдыктан улам (суу алдындагы жана кессондук иштер ж.б.) ушундай абалга түшүшөт. Мунун кайтарым процесси — десатурация, бул кандагы ашыкча эриген газдарды чыгаруу максатында адамга жана жаныбарларга колдонулат, жөн учурларда бул абдан жай жүрөт, газдар өпкө аркылуу чачыранды түрдө сыртка чыгат. Мындай болбочу болсо, канда эриген газдар көбүк бүртүкчөсү түрүндө күргүштөп бөлүнүп чыгып (кан “кайнап” кетет), организм үчүн абдан жаман натыйжаларды алып келиши мүмкүн (караӊыз: Декомпрессиондук оору).Ошондуктан суучулдар менен кессон жумушчулары атайын белгиленген режимде иш аткарышат (бул шлюздоо режими деп аталат). Декомпрессиондук бузулуулардын алдын алуунун маанилүү ыкмасы кайсы бир убакыт аралыгында таза кычкылтек менен дем алып туруу болуп саналат, бул ткандардан эриген азотту чыгарган ыкма десатурацияга корогон убакытты болушунча кыскартууга жол ачат.

Сатураторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кандын кычкылтекти жана көмүр кычкыл газын ташуу мүмкүнчүлүгүнүн сандык өлчөмүн чыгарыш үчүн атайын приборлор – сатураторлор колдонулат. Алардын жардамы менен pO2, pCO2 жана pN2 берилген маанилери боюнча газ аралашмаларын жаратууга болот жана алар менен изилденип жаткан канды t° 37°да каныктырууга болот.

Колдонмо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сатурация кээ бир дарыларды жасоодо колдонулат (микстуралар, кислород коктейлдери [2] жана башкалар), ошондой эле тамак-аш өндүрүшүндө минералдык суулар менен жер-жемиш ширелерин куюштурууда, шампан-шараптарды даярдоодо жана башка ушул сыяктуу иштерди аткарууда пайдаланылат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9F%D0%BB%D0%B0%D0%B7%D0%BC%D0%B0_%D0%BA%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B8
  2. http://wik-org.ru/wiki/%D0%9A%D0%B8%D1%81%D0%BB%D0%BE%D1%80%D0%BE%D0%B4%D0%BD%D1%8B%D0%B9_%D0%BA%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%B5%D0%B9%D0%BB%D1%8C

Библиография: Патологическая физиология экстремальных состояний, под ред. П. Д. Горизонтова и H. Н. Сиротинина, М., 1973; Сайкс М. К., Мак Никол М. У. и Кэмпбелл Э. Дж. М. Дыхательная недостаточность, пер. с англ., М., 1974.

Булак: Большая Медицинская Энциклопедия (БМЭ), под редакцией Петровского Б.В., 3-е издание

  1. https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9F%D0%BB%D0%B0%D0%B7%D0%BC%D0%B0_%D0%BA%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B8