Алтымыш Сатыбалдиев

Википедия дан
Сатыбалдиев Алтымыш‎»‎ барагынан багытталды)

Сатыбалдиев Алтымыш (1900-жылы Ноокат району, Герей-Шорон кыштагында төрөлгөн) - шахтёр, Социялистик Эмгектин Баатыры (1947), 1948-жылдан КПСС мүчөсү. 1914-жылдан Кызыл-Кыя темир жолунда, 1928- жылдан «Жал» шахтасында жумушчу, забойщик, 1952-жылдан бургулоочу болуп иштеген. бндуруштук тапшырмасын 130-150%ке аткарган. 1947-55-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.