Сафарбек Кабеков

Википедия дан

Кабеков Сафарбек Имашевич (1923, Фрунзе - 1990, ошол эле жер)- бийчи, балетмейстер.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1971).

  • 1935-ж. Ленинграддагы балеттик мектепте окуган.
  • 1942-ж. Улуу Ата Мекендик согушта З-Белорус фронтунда жоокерлик милдет өтөгөн.
  • 1947-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында иштеген. Классикалык балеттерден «Коппелияда» Францтын, «Раймондадан» Стефандын, «Ак куу көлүнөн» Зигфриддин, «Бахчисарай фонтанынан» Вацлавдын, «Сыйкырдуу чоордон» Луканын, «Анардан» Кадырдын, «Чолпондон» Достун ж. б. партияларын аткарган. Дж. Вердинин «Травиата», «Риголетто», П. Чайковскийдин «Евгений ,Онегин», М. Раухвергердин «Жамыйла», Н. Римский-Корсаковдун «Падыша * Салтан жөнүндө жомок» аттуу опералардагы бийлерди койгон.

Балетмейстердик шыгы «Орус бий сюигасы», «Грузин бийи», «Башкыр бийи» ж. б. бийлерди коюуда да ачылган.

  • 1960-ж. Фрунзедеги Ленин атындагы маданият сарайынын алдында бий ансамблин уюштурган.
  • 1973-ж. коллективге «Элдик бий ансамбли» деген наам берилген, Бүткүл союздук өздүк көркөм чыгармачылыктын кароо-фестивалынын лауреаты,
  • 1974-ж. Кишинёвдо өткөн бүткүл союздук элдик бийчилер тобунун конкурсунда,
  • 1978-79-ж. Алматыда, Ташкенде өткөн фестивалдарда лауреаттыкты жеңип алган.

СССР элдеринин 7-спартакиадасынын, Москвада өткөн 22-олимпиадасынын салтанаттарына катышкан.

1956-ж. Н. Түгөлов менен бирге элдик (азыркы «Акмарал» бий ансамблин уюштурган. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.