Сахариметр

Википедия дан

Сахариметр – жарыктын поляризация тегиздигинин бурулуу бурчун өлчөө боюнча эритмелердеги канттын санын аныктоочу прибор.

Сахариметрдеги поляризация тегиздигинин бурулушу, поляриметрден айырмаланып, сызыктуу жылуучу кварц шынаасы аркылуу жүргүзүлөт. Кварц компенсаторун колдонуу С-ди ак жарык менен жарыктандырууга мүмкүндүк берет, себеби кварц менен кант бирдей айлануу дисперсиясына ээ. Түздөн түз эритмедеги канттын проценттик санын көрсөтүүчү сызыктуу шкала боюнча бурулуу бурчунун эсеби жүргүзүлөт. Поляриметрдегидей эле компенсация учурунда көрүү талаасында эки жарым тегеректин жаркырактыгы теңгелгендиги көзгө көрүнүп турат. Азыркы учурда автоматтык түрдө иштөөчү Сахариметр жасалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]