Саясаттагы биополярдуулук

Википедия дан

Саясаттагы биополярдуулук - «күчтөрдүн балансы» тутумунун варианттарынын бири, ал анын бирдигинин бардык түзүүчүлөрү күчтү же анын эң маанилүү өлчөмдөрүн (мис., ядролук курал) монополиялаштыра турган эки негизги күч борборлоруна (полюстарга) бириккендиги менен айырмаланат.

Эки лагердин ортосундагы мамилелер конфронтация, конкуренция жана идеологиялык күрөш менен мүнөздөлөт. Теория катары Б. теоретиктердин аң-сезиминде өз чагылышын тапты, эң башкысы Батыштагы саясий реализм мектептеринен, «кансыз согуш» мезгилинде СССР менен АКШ башкарган эки коомдук-саясий тутумунун чыныгы карама-каршылыгынан көрүндү. Б. экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийинки негизги күч борборлору союздаштары жана сателиттер тарабынан курчалган эки улуу держава болуп калган мамлекетгер аралык мамилелердин тутумунун сапаты катары каралган. Башкача сөз менен айтканда, XIX к. жана XX к. биринчи жарымынын үлгүлөрүнүн күч балансын функциялаштыруунун салттуу механикасы сыяктуу эле бул мектептин, аталган тутумунун эл аралык теоретиктеринин ийкемдүүлүгүн талкалай турган «күчтөрдүн биполярдык балансы» түзүлгөн.

Эки улуу держава менен бардык калган мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы болуп көрбөгөндөй ажырымдын аркасында мамлекеттер мурдатан күчтүк жагынан тигил же бул деңгээлде тең болгон баланстын башка катышуучуларынын иш-аракети менен гана чектеле турган сырткы саясий кыймылдык эркиндиктерин жоготгу. Жаңы шартта алар идеологиялык жактан өздөрү үчүн көбүрөөк жакын делген улуу державалардын баланстарынан коргоо издөөгө мажбур болушту. Союздаштар катары бул мамлекеттер бири-бирине карты турган эки негизги аскердик-саясий блокко - Түндүк атлантикалык келишим уюмуна (НАТО) жана Варшава келишиминин уюмуна (ОВД) биригүү менен, алардын айланасына топтолушту. Мындай шарттагы күч балансынын ийкемдүүлүгү эң башкысы блокторго карата арсарсып, эч бирине кошулбай, нейтралдуу турган өлкөлөр аркылуу камсыздалды.

Күч балансынын мындай туру бирдиктуу балансирдин жоктугу менен мүнөздөлөт. Тутумдук изилдөөнүн борбордук куч мамилелери аркылуу гана чектелиши (бул шартта мамлекетгер аралык тутумдардын бардык аракети СССР менен АКШга карты чыгууга багытгалган) баарыдан мурда батыштын теориялык ойлорундагы структуралык-функциялык ыкмага таандык. Анын үстүнө эгерде бул көз караштын жактоочуларына согуш буткөн алгачкы жылдары дүйнөнү дал ушундай биполярдык көрүү, эки гана полюсту таануу мүнөздүү болсо, убакыттын өтүшү менен алар акырындап «мультиполярдуулукка», же күч борборлорунун көптүгү позициясына өтүп башташты. Алардын ою боюнча, деидеологиялаштыруу, идеологиялык жактан жакын мамлекетгерди ез «борборлору» менен байланыштырып турган катаал жипти жок кылуу процесси, экономикалык өнүгүүнүн текши эместиги үч, терт, ал тургай беш (АКШ, Кытай, Жапония жана Батыш Европа) «куч полюстарынын», ошондой эле көп сандаган аймактык жана суб-аймактык борборлордун пайда болушуна алып келди.

Варшава келишиминин уюмунун ишмердигинин кыскарышы жана СССРдин чындап кыйрашы менен Б-тун мурдагы схемасы өз маанисин жоготту.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8