Саясаттын функциялары

Википедия дан

Саясаттын функциялары (нын)саны ар түрдүү болушу мүмкүн.

Эгерде коомдо Саясаттын функциялары канчалык көп сандуу болсо, анда жарандык коом ошончолук начарыраак өнүккөн болот. Жарандык коомдун ар түрдүү чөйрөлөрүнө кийлигишүү менен саясат өзүнө мүнөздүү эмес, бетон функцияларды аткара баштайт. Ушундан улам адамдын өзүн-өзү турмушта көрсөтүү мүмкүнчүлүгү төмөндөйт.

Бирок, коомдо саясат гана аткара ала турган бир катар эң маанилүү Саясаттын функциялары бар, аларсыз коом нормалдуу өнүгө албайт. Ал функцияларга төмөнкүлөр кирет: 1. Коомдун бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу функциясы. Саясат келечектин долбоорун, программасын, социалдык мерчем-буталарды жана өнүгүүнүн багытын аныктайт. Ошондой эле аларды ресурстар жана ишке ашыруунун механизмдери менен камсыз кылат. 2. Мобилизациялоонун жана жалпы ишмердиктин натыйжалуулугунун функциясы. Саясат ырааттуу өнүгүүнүн маанилүү максаттарын тастыктайт жана индивидге социалдык керектөөлөрдү канааттандыруунун натыйжалуу мүмкүндүктөрүн берип, өнүккөн механизмди түзүү, социалдык макамды бийликтин жардамы менен өзгөртүү аркылуу алардын ишке ашырьшышын камсыз кылуу. 3. Башкаруучулук жана жөнгө салуучулук функциялары. Саясат коомдун ар кыл топторунун өкүмчүл маанидеги таламдарын жана керектөөлөрүн билдирүү менен, алардын өз ара аракеттеништерин камсыз кылат жана саясий чечимдерди кабыл алуу жолу аркылуу аларга таасир көрсөтөт. Саясат топтордун таламдарына таасир көрсөтүү менен, социалдык мажбурлоону жана зомбулукту колдонуу менен социалдык процесстерди башкарат жана аларды жөнгө салып турат. 4. Рационалдаштыруу функциясы. Саясат топтук жана индивиддик таламдарды коз алдыга келтирип элестетүү менен аларды сунуштарда көрсөтүү жана жүзөгө ашыруу үчүн жалпы эрежелерди жана механизмдерди иштеп чыгат. Ошону менен саясий жацжалдарды жана алардын цивилизациялуу чечилишин ишке ашырат. 5. Саясий социалдаштыруу функциясы. Саясат топтук жана индивидуалдык тапамдардын ишке ашырылышына кеңири мүмкүндүк ачуу менен, инсанды социалдык мамилелерге кошот, ошондой эле аны кайра түзүүчү ишмердиктин, саясий ролдорду жана функцияларды натыйжалуу аткаруунун тажрыйбалары менен камсыздайт. 6. Коммуникациялык функциясы. Жалпьшыктардын жашоосунун мацызын тактоо; саясаттын субъектилертин жалпы кызыкчылыктарын аныктоо; бардык субъектилерге бирдей жүрүм-турум эрежелерин иштеп чыгуу; субъектилердин ортосунда функцияларды жана ролдорду бөлүштүрүү. 7. Социалдык тутумдун кээ бир типтери үчүн аткарылуучу саясаттын үстөмдүгүн колдоо; негизги адам укуктарын коргоо; жарандарды мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууга тартуу; социалдык адилеттүүлүктү жана жалпы жыргалды камсыз кылуу ж.б. 8. Америкалык саясат таануучу Габриель Алмонд белгилеген саясаттын функцияларынын эки тобу. Биринчи, «кирүү» функциялары- коомдун саясатка таасири — саясий социалдаштыруу жана жарандарды саясатка катышууга тартуу; кызыкчылыктардын артикуляциясы; кызыкчылыктарды агрегациялоо. Экинчи, «чыгуу» функциялары - саясий тутумдун коомго таасири - мыйзамдарды, нормаларды, эрежелерди иштеп чыгуу; аларды колдонуу; алардын колдонулушунун үстүнөн көзөмөлдөө.

Саясаттын функцияларынын көп түрдүүлүгү анын коомдун бардык чөйрөлөрүнө терең сүңгүп киргендигин күбөлөндүрөт. Өзгөчө өткөөл мезгили учурунда жашоонун бардык тармактары бөтөнчө саясатташып кетет экен. Эгерде саясаттын жогоруда көрсөтүлгөн функциялары, же анын айрымдары аткарылбай калса же туура эмес аткарыла баштаса, анда коомдо адамдардын социалдык абалы оорлоп жана конфликттер башталып кетиши мүмкүн. Экономикалык жактан артта калган жана жалпы саясий маданияты өнүгө албаган мамлекеттерде саясат турмуштун бардык жактарынын өнүгүшүн аныктоо менен аларга үстөмдүк кыла баштайт. Экономикасы өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө, АКШда саясат турмуштун башка чөйрөлөрү менен тең салмакта болуп, өз ара автономдуу аракетгерди ишке ашырат. Бул өлкөлөрдө жашоо саясатташып кеткен эмес, басымдуу көпчүлүк жарандардын саясат менен иши жок. Өзүнүн бизнесин, өзүнүн жекече ишмердигин аркалаган адамдардын саны көпчүлүктү түзөт. Ошондуктан Кыргызстанда жарандык коомдун институттарын, өкмөттүк эмес уюмдарды, жеке менчик секторун, ишкерликти, фермерчиликти, дыйкан чарбасын ж.б. тездик менен өнүктүрүү, мамлекеттик акыйкат башкарууну орнотуу күн тартибиндеги өтө зарыл милдеттерден болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8