Саясат таануунун пайда болушу

Википедия дан

Саясат таануунун пайда болушу - Алгачкы философиялык-этикалык формасында, саясат таануунун фрагменттери -коомдук идеал, идеалдуу мамлекет жөнүндө, саясаттын маңызы, коомдук жыргалчылыкка жетүү ыкмалары тууралуу түшүнүктөр байыркы дүйнөнүн ойчулдары: Заратустра, Конфуций, Платон, Аристотель, Цицерон жана алардын замандаштарынын эмгектеринде кездешет.

Орто кылымдарда, Кайра жаралуу доорунда жана Жаңы мезгилде саясат таануу негизинен философиялык илимдин чегинде гана өнүккөн. Саясат таануу илимдин өз алдынча тармагы катары өткөн кылымдын 50-жж. аягында калыптана баштаган. XIX-XX к. саясат таануунун бүгүнкү түрүн берген саясат таануу боюнча изилдөөлөр пайда болгон. 1903-ж. АКШда биринчи улуттук саясат таануу ассоциациясы түзүлгөн. Анын өз алдынча илим жана окуу предмета катары калыптанып бүтүшүн үстүбүздөгү кылымдын 50-жж,- нын жарымына тийиш десек болот. 1948-ж. ЮНЕСКОго караштуу саясий илимдин Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн.

1948-ж. Парижде өткөн саясат таануунун негизги маселелери тууралуу эл аралык коллоквиумда анын мазмуну жөнүндөгү документ кабыл алынган. Анда саясий илимдин изилдөөсүнүн негизги объектиси деп: 1) саясий теорияны; 2) саясий институттарды; 3) коомдук ой-пикир, саясий партиялар, топторду; 4) эл аралык мамилелерди таанууну чечкен.

Бирок, саясий илимдин предмети боюнча жогортодо көрсөтүлгөн эки көз карашты жакындатууга жетишүү мүмкүн болбоду. Кийинчерээк саясий илимдин бүткүл дүйнөлүк конгресстеринде талдоо алкагына улам жаңы темалар, мис., шайлоочулардын шайлоолордогу жүрүм-туруму, чечим кабыл алуу процесси, саясий модерндештирүү, европалык интеграция д.у. сыяктуулар кошулуп жатты, мунун өзү бул илимдин предметин кецитип жана ар түрдүү коз караштардын бир ымалага келишин татаалдатып жиберди.

СССР мамлекетинде саясат таануу узак убакыттар бою буржуазиялык теория катары саналып, баштапкы абалда сакталып келген. Айрым саясат таануу маселелери тарыхый материализм, илимий коммунизм, КПССтин тарыхы ж.б. коомдук илимдердин чегинде каралып келген. 1962-ж. саясий илимдердин Советтик ассоциациясы түзүлүп, 70-жж. ортосунан тартып, жогорку окуу жайларында саясат таануу проблемалары боюнча өзүнчө лекциялар жана атайын курстар окутула баштаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясат таануунун илими расмий түрдө таанылган. Азыркы саясат таануу объектилери катары коомдун саясий чөйрөсү, анда болуп жаткан процесстер жана кубулуштар эсептелет. Коом жана саясат жөнүндөгү башка илимдерден айырмаланып, саясат таануунун предмети болуп саясий бийликтин калыптанышынын жана өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү, функцияларынын формалары жана ыкмалары эсептелет.

Анын мыйзам ченемдүүлүктөр системасы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: а) саясий кызыкчьшыктардын келип чыгуу жана өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрү, алардын коомдун турмушундагы экономикалык ж.б. тармактар менен болгон өз ара катнаштары жана шарттары; б) саясий бийликтин орношунун, аракет кылышынын жана өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү; в) саясий мамилелердин, процесстердин, кубулуштардын, окуялардын келип чыгуусунун, аракет кьшышынын жана өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү; г) инсан менен бийликтин ортосундагы өз ара мамилелердин мыйзам ченемдүүлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8