Саясий ааламдашуу

Википедия дан

Саясий ааламдашуу - үч негизги түрдө көрүнөт: улуттук өкмөттөр ортосундагы өз ара иш-аракеттерди интенсификациялоодо, улуттар үстүнөн институттарды түзүүдө жана аймактар ортосундагы өз ара иш-аракеттерди күчөтүүдө.

Саясий ааламдашуу чөйрөсүндөгү башкы маселелердин бири мамлекеттин орду жана мааниси жөнүндөгү маселе. Мамлекеттин жоголуп баратышы жөнүндөгү коз караштан чыныгы ааламдашуунун өзү дал мына ушул мамлекет экендигин бекемдеген ар кандай ой-пикирлер айтылып келет. Бирок, мамлекет дайыма эле ааламдашуунун жигерсиз жагы болуп кала бербейт. Экономикалык ааламдашуунун орношунун башкы агенттери өкмөттөр, өзгөчө Чоң жетилик өлкөлөрүнүн өкмөттөрү (азыр — Чоң сегиздик) жана Эл аралык валюттук фонд, Бүткүл дүйнөлүк банк, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму сыяктуу эл аралык институттар болуп келишкен.

Ааламдашуу мамлекеттин маанисине шек туудуруп койду. Ааламдашуунун либералдык үлгүсүнүн жактоочулары жаңы социалдыкэкономикалык шарттарда анын эскирээрин жана ошондуктан товарлар менен капиталдардын эл аралык агымынын жолундагы тоскоолдорду жоготуу маселелерин чечүүгө ыклас коюп, акырындык менен көндүм макроэкономикалык жөнгө салуудан жана социалдык чыгымдардын калыптанып калган тажрыйбасынан баш тартууну белгилеп келишет. Мындан тышкары, либералдуулук күчтүү лидер өлкө үчүн дайыма пайдалуу. Күчтүү мамлекет өзүнүн начарыраак шериктеринен көбүрөөк ачыктыкка, башкача айтканда мамлекеттик коргоо менен колдоо көрсөтүү чараларын кыскартууга жетишет. Бул ааламдашкан экономикадагы мамлекеттин орду менен маанисинин дагы бир маселеси.

Эгер АКШ өзүнүн лидердик абалынан улам мамлекеттик жөнгө салуу жана мамлекеттин мартабасынын өзү сыяктуу маселелерде бир нерселерди өзгөртүүгө барбай келатса, европалык мамлекеттерде бул маселе өтө оор кабыл алынат. Дал мына ушул өлкөлөр ааламдашуунун либералдык үлгүсүнө атаандаш иштеп чыгууда, анын ичиндеги мамлекеттин мааниси маселелеринде бир топ алдыга кете алышкан. Алар тарабынан мамлекеттин жардамы аркасында улуттук экономикаларды ааламдык базарларга бириктирүүнү негиздүүрөөк камсыз кылуу, бул базарлардын, тактап айтканда ааламдык атаандаштыктын чакырыктарын чогуу жана биргелешкен түрдө тосуп алуу, улуттук мамлекетгерге Караганда алар тарабынан натыйжалуураак аткарыла турган милдеттер ди улупуктун үстүндө турган деңгээлге берүү өңдүү өзгөрүүлөрдүн муктаждыгы түшүнүлө баштады. Мис., 1992-ж. Маастрихт келишимине кол коюлгандан кийин Европа Союзунун улупуктун үстүндөгү маанилүү уюмдары Европа Союзу, Европарламент, Европалык Сот, Европалык Советтин Комиссиясы ж.б. болуп калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8