Саясий азчылыктардын укугу

Википедия дан

Саясий азчылыктардын укугу - ар түрдүү себептерден улам коомдо көпчүлүк жарандардын умтулуусунан айырмаланган өзгөчө кызыкчылыктарга ээ азчылыктын тобунун укугу.

Кээде алардын кызыкчылыктары мамлекеттин биримдүүлүгүнө, социалдык түзүлүшкө, үстөмдүк кылуучу моралдык саясий көз караштарга эрегишет. Көбүнчө булар статусун, жашаган аймагын өзгөртүүгө умтулган этностук азчылык топтору, көпчүлүк колдобогон коз караштардын жактоочулары (коммунистик, улупук, экологиялык, феминистгик, диний көз караштар) ж.б. Тоталитардык же авторитардык режим мезгилинде мындай азчьшыктардын болушу моюнга алынбайт же аномалия катары мамиле жасалат. Алар тарабынан саясий аренада өзүлөрүнүн бар экендиги жөнүндөгү жасалган аракеттери репрессияларга дуушар болот. Демократия, саясий плюрализм, шарттарында Саясий азчылыктардын укугу таанылат, бирок алардын уюмдашуу же кызыкчылыгын көздөгөн саясий партия же кыймылдарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талаш мүнөзгө ээ болуусу мүмкүн. Көпчүлүк демократиялык мамлекеттерде күч колдонууну мүмкүн деп тапкан, улуттук жана таптык кастык идеяларын таркаткан, чек араны, өкүм сүргөн түзүлүштү өзгөртүү үчүн чыгышкан программалуу уюмдардын легалдуу жашоосу мүмкүн. Идеялык жана саясий плюрализмдин концепциясын

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8