Саясий күрөш

Википедия дан

Саясий күрөш - саясий ишмердүүлүүгүн ар түрдүү саясий күчтөрдүн жана алардын уюмдарынын (партия, профсоюздар, диндик жана маданий бирикмелер, куралданган топтор ж. б.) өз ара аракеттеринде жана каршылашууларынан көрүнгөн, кызматташтык (колдоо көрсөтүү, жардам берүү) жана атаандаштык (конкуренция) менен катар турган формасы.

Саясий күрөштүн негизинде саясий мамилелердин субъектилеринин (инсандын, топтун жана социалдык катмарлардын) кызыкчылыктары жатат. Саясий күрөштүн объектиси - менчикти жана бийликти ээлөө, сактоо (бекилүү, кайрып алуу) же аларды бөлүштүрүүнүн тартибин өзгөртүү. Саясий күрөштүн максаты - өзүнүн саясий эркин ишке ашыруу үчүн коомдун саясий системасында туруктуу орунду ээлөө. Саясий күрөш ар түрдүү формаларда өтүшү мүмкүн: ар кыл саясий партиялардын коомдук кыймылдардын, парламенттеги фракциялардын саясий лидерлердин тынчтык мүнөздөгү кагылышуу формасында; күч менен мажбурлоо жана зомбулук каражаттарын (мамлекеттик төңкөрүш, жарандык согуш ж. б.) түздөн-түз пайдалануу менен курч мүнөздө кандай гана формада болбосун саясий күрөш каршылашын алсыратуу, анын максаттарынын жана кызыкчылыктарынын ишке ашыруусун кыйындатуу үчүн эмес (булар атаандаштыкка мүнөздүү), каршылашын саясий мейкиндиктен толугу менен сүрүп чыгаруу максатында жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4