Саясий лидерчилик

Википедия дан

Саясий лидерчилик - бийлиги бар кандайдыр бир адамдын (лидердин) коомго, саясий уюмга жана социалдык топторго тийгизген таасири.

Саясий лидерчиликке төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр мүнөздүү: ортомчулдук (лидер менен социалдык топтордун ортосундагы байланыш, топтордун кызыкчылыгы, көпчүлүк коммуникациялык ыкмалар ж. б.); көп ролдуулук (ар кандай социалдык кызыкчылыктардын макулдашуусуна багытталган); институтташтырылгандык (бекитилген нормаларга жана жол-жоболорго таянган мамилелердин өзгөчө бир моделинин болушу).

Саясий лидерчиликтин башкы функциялары болуп төмөнкүлөр саналат: ингеграциялык (коомдун интеграциясы, көпчүлүктүн, жалпы маселелердин жана баалуулуктардын тегерегиңде биригиши), башкаруучу (ыңгайлуу саясий чечимдерди иштеп чыгып, кабыл алуу), коммуникациялык (көпчүлүк менен дайыма байланыштуу системасын жөнгө салуу); мобилизациялык, ошондой эле бийликти легитимдештирүү (жеке абройду колдонуу менен бийликти колдоону камсыз кылуу).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4