Саясий маданият

Википедия дан

Саясий маданият - тарыхый калыптанган саясий тажрыйбалардын, баалуулуктардын, багыттардын, көз караштардын жана аларды билдирген символдордун системасы.

Бул система саясий калыптанууну иретке келтирип, саясий жүрүм турумду жөнгө салат. Саясий тажрыйба, саясий аң-сезим жана саясий жүрүм-турум саясий маданиятын негизги элементтери болуп саналат. Саясий маданият жарандар менен бийликтин ортосундагы өз ара мамилелерге тиешелүү көз караштардын, баалуулуктардын жана үлгүлүү жүрүм-турумдун жыйындысы.

Саясий маданият:

  • 1) саясат жөнүндө билимдин болушу;
  • 2) саясий окуяларга баа берүү, бийликтин жүргүзүлүшү тууралуу өзүнүн оюн билдирүү;
  • 3) саясий багыттардын эмоциялык acaгa;
  • 4) коомдогу саясий жүрүм-турумдардын кабыл алынган үлгүлөрү жаш нормалары.

Саясий маданият - динамикалык көрүнүш, анын мазмуну жана формасы дайыма өнүгүп, өзгөрүп турат. Саясий маданиятын деңгээли саясий системанын өнүгүшүнүн көрсөткүчү болуп эсептелет. Саясий маданият идентификациялоо, саясий социалдаштыруу, адаптациялоо, саясий багыттоо, интеграциялоо, коммуникациялык, жөнгө салуучу ж.б. функцияларга ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4