Саясий оюн
Саясий оюн - кемчиликсиз саясий мамилелерге жашырын жамынып алуу менен интригалар, көшөгө артында сүйлөшүүлөр аркылуу жүргөн (аткарылган, ишке ашкан) келишимдердин метафорикалык аталышы.
Саясий оюн саясий процесстер менен окуяларды моделдөө үчүн түзүлгөн оюндардын теориясы менен чаташтырбоо керек. Ал алгач кумар оюнунда (карта оюндары) уттуруу жана уттурбоо үчүн иштелип чыккан математикалык теория, кийинчерээк ыктымалдуулук процессинин ар кандай тибиндеги, анын ичинде саясий атаандашуулардын кызыкчылыгы жана эки тарапка тең эмес шартты моделдөө үчүн пайдаланыла баштаган. Саясий оюн түшүнүгүнүн мындай теорияга жана жашыруун же ачык күрөшүн белгилөө үчүн колдонуудан (өтмө мааниде) башка анын математикалык аппаратына эч кандай тиешеси жок. Публистика, көркөм чыгармачылыгы, философиялык айрым эмгектерде жана күндөлүк турмуштагы сөздөрдө Саясий оюн түшүнүгүнө Караганда көбүнэсе кенен мааниде саясатты кандайдыр бир оюн катары түшүндүрүшөт.
Кандайдыр бир денгээлде анча катуу тартипте колдонулбаса, бул сөздөргө каяша маанисинде каршылык көрсөтүлбөгөнү менен мындай метафоранын чегин көрсөтүү үчүн кандайдыр бир түшүндүрмө керек. Саясатта (саясий аракет жана чыгармачылык) жана оюндун ортосундагы айырмачылык анча сезилбегени менен Саясий оюн түшүнүгүнүн өтмө, метафорикалык мааниси өтө так. Анын накта мааниси оюн деген түшүнүктүн өзүндө жатат. Туурасын айтканда оюн ишмердүүлүктүн өзү эмес, бирок оюндун негизинде жаралган ишмердүүлүктүн белгилүү бир формасы (мындайча айтканда имитациялык оюндар), анын (оюн) калыбына келтирилген имитациясы болуп саналат. Мис., балдарга арналган оюндар чоң кишилер иштеген ишти (үй ичиндеги жумуш, бала багуу, конструкциялоо ж.б.), согушту ойноо - аскер операцияларын, спорттук оюндар - физикалык же акыл эмгегин, кумар оюндары атаандаштык, адамдын турмушундагы мыйзам ченемдүүлүк же кокустуктан болгон ийгилик менен тагдырды ж.б. имитациялайт. Мындай оюндардын милдети - көнүгүү, машыгуу, эмоциялык сезимди сыноо, ырахат апуу, эс алууда пайдалуу эффект менен иш-аракет кылуу (оюндун имитациясы аркылуу); булардын максатында бир гана жалпылык - аны алуу үчүн даярданууда жатат.
Саясатта мындай абалды: оюндарга көнүгүү, машыгуу, аны иш жүзүнө ашырууга даярдануу ж.б. кезиктирүүгө болбойт. Булардан тышкары ойноо иш-аракеттери башкалар сыяктуу эле оюнду чектеп турган кандайдыр бир мейкиндиги (оюн талаасы, спорттук аянтча, шахмат доскасы, манёвр жасоо үчүн талаа ж.б.), убакытты катуу тартипте сактаган эреже-жобого баш ийет. Саясий оюн мындай эреже-жобону билбейт. Бул эреже-жобосу жок оюн, анда белгилүү эрежелерге багындыруунун жалгыз жолу - моралдык норма, формалдуу же жашыруун келишимдер, акыл (уят) ченеми ж.б. Ошондой, саясат менен оюнда принципиалдуу айырмачылыктардын болушуна карабай, бул экөөнү бириктирүүгө, сыйыштырууга болот, бирок көбү ушунун метафорасына алданып калышы мүмкүн. Бул ал экөөнө тиешелүү мамиленин түзүмү, анда атаандашкан эки же бир нече тарап катышып; ийгиликтер жана кырсыктар, утуштар жана утулуулар коштоп; утунггар менен пайданын артынан түшүү; күчтүүлөр менен чабалдардын иргелиши; чемпионат (аягына жетүүнү көздөгөн бир кылкалардын мелдеши); ыктымалдуулук жана кокустукка байланыштуу тең салмактуулук; эмгек чыгымы менен анын жыйынтыгындагы тең салмактуулуктун бузулушу; утуп алуу (пайда табуу) максатында көбөйтүү (кошуу), кумарга кирүү; же ошол эле ийгиликке жетүү ишенимине негизделген процесстин маанисиздиги (иррационалдуулук); динамизм, импровизация, тобокелчилик; блеф маданияты, жалган манёврлар; чыныгы максатын жашыруу мүмкүндүгү аркылуу каршылашын адаштыруу; акырында белгилүү жана көбүнэсе татаал жолго алып келген оюн менен саясий иш-аракетгеги көптөгөн профессионалдык мүнөздөр - ушулардын баары оюн менен саясаттын маанисине топтолгон.
Саясий оюн орду саясаттын мүнөзүнө жараша өзгөрүп турат. Оюндун масштабы бир кыйла орчундуу болгон ири пландагы саясий стратегияга чейин жетилиши мүмкүн. Мындай тарыхый жыйынтыгы жагынан эң чоң манёврларды (анын үстүнө жашыруун) жана анын ишке ашырылышын экинчи дүйнөлүк согуштун алдында улуу державалардын келечекте согушка катыша турган тараптарды блокадалоо үчүн күрөшү, Жапонияга каршы согушка кирердин алдындагы АКШнын саясатын, анын ичинде союздаштар бирге болууга тоскоолдук уюштурган изоляциялоо саясатын колдогондорго каршы Ф.Рузвельттин күрөшү ж.б. аркылуу мисал кылууга болот. Бирок баарынан көп тарагандарга аз сандагы жана анча көп эмес масштабдагы тактикалык оюндар кирет.
Саясат канча майда болсо, ал жерде майда оюндар ошончо көп болуп, жок нерсеге ишенүү, болгон интрига жана атак-даңкты сүйгөн намыскөйлүк, өздүк симпатия жана антипатиялар ошончо бекем чырмалышып алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8