Саясий программа

Википедия дан

Саясий программа - саясий партиялардын ишмердүүлүгүнүн негизги жоболору менен максаттарынын кыскача же ийне-жибине чейин баяндалышы, коомдун жалпы аткара турган иш пландарынын жыйындысы.

Саясий программа партиянын платформасы менен аныкталып, стратегиялык жана тактикалык иштерди камтыйт. Стратегия саясий платформа аныктаган жалпы, көбүнчө абстракттуу баалуулуктарды жана максаттарды, аларга жетүүнүн каражаттарынын топтомун көрсөтөт. Тактикалык программалар партияны бийликке алып келе турган ураандардын жыйындысы катары түзүлөт. Саясий программа саясий партиялар үчүн мамлекеттин, коомдун, инcандын өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу үчүн берилген партиянын сунушу, ошол эле учурда атаандаш партиянын ураандарынын ишке ашпастыгын же анын бийликте турган учурдагы ишмердүүлүгүнүн терс натыйжасын чагылдыруунун каражаты да болуп эсептелет. Эреже катары партия саясий программаны шайлоодо жеңүүнүн натыйжасында ишке ашырууга умтулат. Саясий программа тигил же бул партиянын бийликке келүүсүнүн каражаты катары да каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4