Саясий процесс

Википедия дан

Саясий процесс - өнүгүүсүндөгү саясий субъектердин иш-аракеттеринин багыттарынын кыймылы, өзгөрүп-өрчүү жана ырааттуу алмашууларынын көрүнүшү.

Саясий процесс төмөнкүдөй курамдык бөлүктөрдү камтыйт: ички жана тышкы саясий процесстер, объективдүү-субьективдүү себептерден келип чыккан [[Эволюция|эволюциялык]] жана революциялык процесстер; саясий субъекттердин багытына жараша - конфронтациялык жана консенсустук туруктуу жана туруксуз; саясий процесстин агымына жана убагына жараша - созулган жана кыска; таралуу деңгээлине жараша - глобалдык, региондук, жергиликтүү, агымынын мүнөзүнө жараша - ачык жана жабык (латенттүү) процесстер.

Сапаттык жана сандык жактан өзгөрүп турган саясий процесстин агымынын өзгөчө эки формасы бар: иштөө жана өнүгүү тартиптери. Иштөө тартиби түптөлүп калган мамилелердин моделин жөнөкөйлөтүп, калыбына келтирүүнү мүнөздөйт, саясий системадагы механизмдер саясий бийликти ишке ашыруу үчүн колдонулат. Инновацияларга үстөмдүк кылган салттар саясий системаны өзгөрүүлөрдөн сактап, бардык саясий системаларга жетишерлик туруктуулукту, бир калыптуулукту берет. Саясий процесстердин циклдери эреже катары мамлекеттик бийлик органдарына шайлоолордун мезгил-мезгили менен болуп тургандыгынан көрүнөт.

Саясий өнүгүүнүн, саясий системанын, саясий процесстин солгундоосуна жана кыйрашына 20-кылымдын 70-жылдарындагы советтик саясий система классикалык мисал болот. Саясий системанын, процесстин өнүгүү тартиби, коомдук, мамлекеттик түзүлүштүн жана мамилелердин мүнөздөрү тышкы чөйрөдөгү өзгөрүштөр менен дайыма байланышта турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4