Саясий психологиясы

Википедия дан

Саясий психологиясы (гр. psich - жан-дүйнө, logos - сөз, түшүнүк, окуу) - адамдардын саясий аң-сезиминин жана саясий жүрүм-турумунун областы.

Аларды саясий системага (мамлекеттик бийлик), саясий турмуштун окуяларына жана фактыларына карата баалоочу жана эмоционалдуу мамиле катары чагылдырат. Саясий идеологиядан айырмаланып, Саясий психологиясы өзүнүн өнүгүшүндө билинбейт, бирок ошону менен катар коомдун руханий жашоосунун областындагы өзүнүн терең катмарында укмуштуудай туруктуу келет. Ал түздөн-түз адамдардын жашоо образы, жашоосунун күнүмдүк шарттары менен байланышкан, адамдардын жүрүм-турумун аныктаган элдин, улуттун саясий турмушунун кылымдап чогултулган тажрыйбасын өзүнүн мазмунунда топтойт. Чыныгы кубулуш катары Саясий психологиясы саясий турмуш менен бирге пайда болгон жана байыркы кылымдарда эле саясатчылардын, ойчулдардын, диний кызматкерлердин кызыкчылыктарынын предмета болуп калган.

Аристотель адамдар жаратылышынан саясий жандык, ал эми коомдук инстинкт жашоонун коомдук формаларынын келип чыгышынын маңызы, биринчи негизи деп айткан. Бирок илимий изилдөөнүн предмета катары Саясий психологиясы XIX к. гана калыптанды. Окумуштуулардын көзүнө барыдан мурда массалык чыгуулар жана кыймылдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү, түздөн-түз байланыштуу шартындагы адамдардын жүрүм-туруму учурады. Кээ бир концепцияларда (марксизмде, айрыкча), зор көңүл таптардын, катмарлардын, социалдык-таптык кыймылдардын психологиясына бурулса, экинчилеринде (негизинен буржуазиялык ойчулдардын доктриналарында) кырдаалдык түзүлүштөрдүн (көпчүлүк топ, публика ж.б.) психологиясына, топтогу индивиддин жүрүм-турумуна, коомдук ой-пикирди калыптандыруу процесстерине дал ошондой мамиле жасалган, XX к. биринчи жарымында кызыгуу кичи социалдык топторго, кылымдын ортосунда-кеңири социалдык топторго (улут, эл), менталитетине жьшган.

Акыркы он жылдыктагы советтик илимде (философия, тарых, социалдык психология ж.б.) түрдүү социалдык саясий күчтөр жана кыймылдардын ортосунда өлкөнүн жаңы тарыхый тандоосу үчүн күрөштө өз ара мамилелердин курчушуна байланыштуу саясий психологиянын маселелери курч, өтө маанилүү мазмунга ээ болду. Саясий психологиясы коомдук психология сыяктуу эле татаал жана көп пландуу. Кандай ыкма үстөмдүк кылганына байланыштуу түрдүү структурага бөлүнүүсү мүмкүн.

Советтик философияда, социалдык психологияда эки ыкма кеңири жайылган. Аларга ылайык Саясий психологиясы анын негизги чыгууларынын жыйынтыгы катары чыгат. Булар касиеттер (суроо-талап, кызыкчылык, баалуулук, идеалдар ж.б.), мамилелер (симпатия жана антипатия, достук жана кастык, салт жана адат ж.б.), абалдар (эмоциялар, сезимдер, маанайлар), процесстер (туура жүрүү) андан башка талап жана кызыкчылыкты түшүнүүнүн, чагылдыруунун натыйжасынын психикада тамыр жайышынын даражасы жана тереңдиги; түшүнүк - элестик чөйрө (ой-пикир, көз караш, идеалдар, баалуулуктар ж.б.), эмоционалдык-эрктик чөйрө (маанай, сезим, курамдуулук ж.б.). Биринчи эки чөйрө, өзгөчөлүктөрүнө карабай, коомдук психологиянын эң ийкемдүү, өзгөрүлмө катарын билдирет. Талаптардын жана кызыкчылыктардын, жүрүм-турумдун ыкмалары менен стимулдарынын чагылдырьшышынын мазмунун тез жаңыртып турат. Психикалык түзүлүш же акыркы чөйрө, тескерисинче көмүскөдөгү инварианттык структура (негизги көрсөтмөлөр, стереотиптер, адаттар, салттар, ой жүгүртүүнүн, эстөөнүн, толкундоонун туруктуу ыкмалары жана формалары, социалдык мүнөздөгү белги жана жышаандар). Ал саясий идеология тарабынан көзөмөлдөөгө жана тескөөгө бардыгынан аз дуушар болот, ага өзгөчө таасир тийгизет, өзгөчө селекция жүргүзөт, б.а. массалык аң-сезимге улуттун, элдин менталитетине жооп бере турган идеологиянын жоболорун өздөштүрүүгө жардам берет. Социалдык көрсөтмөлөр - адамдардын чөйрөнүн чакырыгына алдын-ала аныкталган жообуна күмөн саноосу, кандайдыр бир окуяга карата аракеттенүү, жүрүм-турум ыкмалары формасында баалуулук ориентациясынын чагылдырылышы. Стереотиптер - кандайдыр бир кубулуштун эмоционалдуу, жецилдетип - схемалаштырылган субъект үчүн маанисин чагылдырган жолу. Стереотип өзүндө баяндоонун, баалоонун, алдын-ала жазуунун элементтерин бириктирет. Көрсөтмөлөр жана стереотиптер адамдар менен социалдык чөйрөнүн таасиринин астында өздөштүрүлөт.

Саясий психологиясы жалпысынан саясий аң-сезим аткарган функцияларды эле аткарат. Саясий идеологиядан айырмаланып, бул алар өзүнүн ишмердүүлүгүндө жетектелген массалардын чыныгы аң-сезими. Саясий психологиясы идеологиянын идеяларын, принциптерин чыныгы жүрүм-турумдун чегинде өткөрөт да, өз артыкчьшыктарын эсепке алуу менен иштеп чыгарышат. Коомдун терең кризисинин шарттарында Саясий психологиясы өзүн түрдүү формаларда жана абалдарда көрсөтөт: абдан эргүү жана берилүү же тескерисинче чөгүү жана апатия, абдыроо (мац болуу) жана каардануу, акыл-эске салып кармануу жана митингдик чогулуулар. Бул мезгилде Саясий психологиясы утопиялык, диний коз караштар жана күтүүлөр, түрдүү түшүндүрүүдөгү революциячыл, улутчулдук, шовинисттик, реваншисттик багыт алуулар жанданат: саясий партиялар менен лидерлердин ишмердүүлүгүндө популисттик ураандар менен билдирүүлөр пайда болот. Саясий психологиясыны билүү саясий системанын ийгиликтүү жашоосун, массалык аң-сезимдеги өзгөрүүлөр менен коштолгон реформалар мезгилинде, кризис шарттарында өлкөнүн өнүгүүсүндөгү татаал социалдык-экономикалык маселелердин саясий чечиминин кабыл алуусунун башкы фактору болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8