Саясий режим
Саясий режим – конституциялык укук илиминде коомдогу саясий бийликти жүзөгө ашыруу ыкмаларынын, жолдорунун, тариздеринин тутумун билдирүүчү түшүнүк; бул бийликтин милдеттик мүнөздөмөсү. С. р-дин бирдиктүү типологиясы жок. Илим көбүнесе демократиялык, авторитардык, тоталитардык С. р-дерди айырмалайт. С. р-дин мүнөзү мамлекеттердин конституцияларында эч убакта (алардын демократиялык мүнөзү тууралуу жетишерлик кеңири таралган ырастоолорду эсепке албаганда) ачык жана тике жазылбайт, бирок, дээрлик баардык учурларда алардын мазмунунан түздөнтүз көрүнүп турат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7