Саясий символика

Википедия дан

Саясий символика — саясий маданиягтын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат.

Ал саясаттын дүйнөсүн жана анын маданиятын чагылдырат жана идеалдаштырат. Саясий символиканын элементтери болуп - улуттук-мамлекеттик символикалар (Конституция, желек, герб, гимн, акча белгилери ж.б.); саясий-ритуалдык символика (Президенттин инаугурация аземи, улуттук эц кымбат жерлерге гүлчамбар, гүлдөрдү коюу процесси ж.б.); скульптуралык-архитектуралык символика мамлекетти символдоштуруучу эстеликтерде, скульптураларда, архитектуралык курулуштарда ишке ашырылат. (Өкмөт үйлөрү, Жеңиш Аянттары ж.б.); шаарлардын аталышы, булар менен мамлекеттерди окшоштурушат (Москва - Орусия, Бишкек - Кыргызстан).

Саясий символикага артыкчылык белгиси, желекчелер, эмблемалар ж.б. символдор кирет. Саясий символика коомдун саясий жашоосун ар түрдүү кылат, корк берет, ага символикалык-маданий маанини берет. Ал элдин биригүүсүнө, анын өзүнчөлүүлүгүн жана салтгарын сактап калууга, калктын улуттук аң-сезиминин жана улуттук сезиминин калыптануусуна, мекенчилдик идеясына, жарандыкка түрткү берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8