Саясий туруктуулук

Википедия дан

Саясий туруктуулук — саясий тутумдун абалы.

Керектүү шарттардын жана факторлордун бар болуусу менен мүнөздөлөт. Алар коом тарабынан өзүнүн окшоштугун, жарандык тынчтыкты жана ар кандай социалдык субъекттердин жана саясий кучтөрдүн кызыкчьтыктарынын балансына жетүүнүн негизинде макулдашууну сактоону, келип чыккан көйгөйлөрдү жана саясат чөйрөсүндөгү карама-каршылыктарды мыйзам тарабынан каралган механизм жана каражаттардын жардамы менен өз убагында мыйзамдуу чечүүнү камсыз кылышат. Саясий туруктуулук саясий активдүулүгүн деңгээлинен жана мүнөзүнөн, саясий лидерлердин позициясынан, алардын жалпы улуттук кызыкчылыктарды билдире алуусунан жана жарандардын саясий эркин консолидациялоону билүүсүнөн, өзүнүн ишмердүүлүгүн сын карашта анализдөөгө жөндөмдүүлүгүнөн, алар тарабынан нравалык жана укуктук нормалардын сакталышынан көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8