Саясий төңкөрүш

Википедия дан

Саясий төңкөрүш - коомдук саясий турмуштун түп тамырынан бери өзгөрүшү, бийлик системасынын бузулушу же саясий лидерди, мамлекет башчысын алмаштыруу. Төңкөрүштүн себептери түрдүүчө болушу мүмкүн, бирок ар дайым баарына бирдей жалпы шарт - белгилүү социалдык катмарлардын же топтордун нааразычылыгы, коомдо биримдиктин жоктугу сөзсүз болот.

Жакшы уюшулган аскерлерден турган же куралдуу күчтөргө таянган топко саясий бийликти тартып алууга мүмкүндүк берген саясий системанын алсыздыгы - Саясий төңкөрүштүн маанилүү себептеринин бири болуп эсегггелет. Төңкөрүштөрдүн негизинде бийликтин легитимдүүлүгүн, б.а. адамдардын режим дин мыйзамдуулугуна ишенүүсүнүн жана ага баш ийүү каалоосунун бузулушу жатат. Легитимдүүл үктүн деңгээли жогору, жарандардын көпчүлүгү социалдык стабилдүүлүктү каалаган жерлерде, эреже катары төңкөрүштөр орун албайт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү дайыма болуп туруучу төцкөрүштөр - экономикалык жана саясий туруксуздук шарттарында бийликтегилер өздөрүнө карата жарандардын ишенимин тез жоготушат да, өзүлөрүнүн саясий атаандаштарына оңой эле уттуруп жиберишинин көрсөткүчү.

Бирок алардын саясий максаттары бийликтен кеткендердин максаттарынан аз гана айырмаланышат. Төңкөрүштү уюштургандар эл массасын, алардын каалоолоруна жана үмүттөрүнө жооп бере турган ураандар менен өздөрүнө тартышат. Бирок бул ураандарды кандай каражаттар менен иш жүзүнө ашыруу мүмкүн, андай каражаттар барбы? - деген суроо- лорго жооп берүү тууралуу ойлоп коюшпайт. Алар адамдардын өсүп жаткан инфляцияга, ачык коррупцияга, массалык жумушсуздукка, социалдык саясаттын эффективдүү эместигине нааразычылыгын пайдаланышат.

Узак убакытка созулган жана кыйраткыч согуш, айрыкча ал ийгиликке жетишпесе жана элдик согушка айланбаса төңкөрүшкө орчундуу түрткү берет. Мындай учурда Саясий төңкөрүш революциянын курамынын бөлүгү болуп калат. Ал эч качан экономикалык кырдаалды жакшыртпайт, бирок массаларды жаңы төнкөрүшкө психологиялык жактан даярдайт. Тарыхта мындай учурлар көп орун алган: акырында Наполеондун бийлигине алып келген Улуу Француз революциясынын мезгилиндеги төңкөрүштөрдүн чынжыры, Латын Америкасынын өлкөлөрүндөгү жаңы жана соңку жаңы тарыхтагы жүздөгөн

Саясий төңкөрүштөр да белгилүү. Күч менен акыры колониалдык империяны кармап калууга аракет кылган Португалиядагы авторитардык режим 1974-ж. прогрессивдүү аскерлер тарабынан кулатылган. Кийин алар бийликти демократтык жол менен шайланган жарандык өкмөткө беришкен. Көптөгөн төңкөрүштөр, же алгачкы этабында, көп зордук-зомбулуксуз ишке ашкан. Бирок, кийин калк бийликке келгендерге ишеним көрсөтпөй калгандан баштап кандуу натыйжалар пайда болот. Ошондо алар террор жүргүзүшкөн, ал көп убакта жарандык согушка өсүп жетилген. Кыргыз элинин тарыхында ар кандай деңгээлдеги Саясий төңкөрүш көп эле болгондугун билебиз. Кыргыздар активдүү катьппкан Кокон хандыгындагы бир катар Саясий төңкөрүштөр да буга мисап боло алат. «Манас», «Семетей» ж.б. эпостордо да көптөгөн Саясий төңкөрүш жөнүндө, таасирдүү адамдардын чыккынчылыгы жөнүндө көркөм сүрөттөөлөр көп кездешет. 1991-ж. августтагы төңкөрүштү да буга кошсок болот. Кыргыз Республикасындагы аскер кызматчыларына жана ички иштер органдарында иштегендерге саясий уюмдарда мүчөлүккө турууга мыйзам түрүндө тыюу салынган. Бирок эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, эч кандай мыйзам Саясий төңкөрүштү бол- турбай коюунун кепили боло албайт. Анткени окуянын жүрүшү Саясий төңкөрүш канчалык жакындаган сайын мыйзамдар аткарылбай, мыйзам менен эл эсептешпей калышат. Экономикалык жана саясий турмушту турукташтыруу, төңкөрүшкө карата болгон аракеттерди тез арада токтотуучу, мамлекеттик түзүлүштү коргоонун демократтык практикада текшерилген механизмдеринин болушу - ар кандай төңкөрүштөргө каршы ишенимдүү каражат болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8