Саясий укуктар жана эркиндиктер

Википедия дан

Саясий укуктар жана эркиндиктер – жарандардын жеке, социалдык, экономикалык жана башка укуктары менен бир катардагы негизги конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин тобунун бири. Жарандарга өлкөнүн коомдук жана саясий турмушуна катышууга мүмкүндүк берет. Коомду жана мамлекетти башкарууга катышуу укугун, шайлоо укугун, биригүү укугун (бирлик эркиндиги), чогулуш жана манифестациялар эркиндигин, маалымат эркиндигин, петиция берүү укугун камтыйт. С. у. ж. э-ге ээ болуу адатта ошол мамлекеттин жараны болуу менен байланыштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]