Саясий элита

Википедия дан

Саясий элита - өзгөчө мүнөзгө ээ болгон, жогорку социалдык статусу бар, ар кайсы саясий бийликтерди колдонуп, кай бир маселелерди чечүүгө активдүү катышкан социалдык топ.

«Элита» терминин илимий колдонууга 19-кылымдын аягында француз окумуштуусу Ж. Сорелъ киргизген. Саясий уюмунун теориялык мазмуну 20-кылымдын башында иштелип чыккан.

Заманбап саясий элитанын өзгөчө түрлөрүн классификациялоо критерийлерине төмөнкүлөр таандык:

  • 1) бийликти орнотууга катышуу деңгээли, буга ылайык башкаруучу элита жана бийликтин функцияларын тикелей ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган оппозициялык элитага бөлүнөт;
  • 2) элитанын пайда болуусу менен байланышкан таасирдүү булактар, аларга ылайык элита каңдаш элитага же аристократияга, билимдүүлөр элитасына, компетенциялууга же меритократияга (маалымат коомуна), байлар элитасына же плутократияга (индустриялык коомдо) бөлүшөт;
  • 3) бийликти куруу жана түзүү ыкмасы, бийлик жүргүзүүчү класс (бирдиктүү автократиялык элита), башкаруучу класс (бирдиктүү демократиялык элита), үстөмдүк кылган элита (автократиялык элита) жана элиталык топтор (демократиялык элита);
  • 4) бийлик укуктарынын көлөмү, жогорку (саясий чечимдерди кабыл алуучу» стратегиялык кызматтарды ээлеген адамдардан турат), орто (региондук элита, өкүлдөрү шайлоо органдарында кызмат кылышат) жата администрациялык (мамлекеттик кызматтардын жогорку тармактарын ээлейт алар;
  • 5) элиталык байланыштардын ички түзүлүшү жана мүнөздөрү, аларга ылайык биримдүү элита, ага чыр-чатактардын жана атаандашуунун деңгээлдеринин азыраак болушу жана биримдиксиздик (ар кайсы элиталык топтордун бийлик бөлүштүрүүдөгү күрөшү) мүнөздүү;
  • 6) саясий система менен байланышы жана жаңылануу ыкмасы, аларга ылайык ачык (демократиялык, ар кайсы социалдык топтордун өкүлдөрү кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар) жана жабык (автократиялык), (ага кирүүгө көптөгөн формалдык талаптар коюлган) бөлүнөт.
  • 7)Кыргыз Республикасында кыргыз саясий элитасын "Какырык"жана "Чимкирик" деп коюшат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4