Свен Андерс Гедин
Свен Андерс Гедин (швед. Sven Anders Hedin; 19 февраль, 1865, Стокгольм — 26 ноябрь 1952, Стокгольм) – швед саякатчысы, тарыхчысы, географы, журналисти, жазуучусу жана коомдук ишмери. Саякаттар менен Памир-Алай, Тибет аймактарында бир нече ирет болгон европалык окумуштуу. Алайлык кыргыздардын арасында болуп, алардын уруулук курамы, жайгашуусу, кыргыз маданияты, музыкалык өнөрү боюнча маалыматтарды берген. Свен Гедин теги байыркы стокгольмдук бюргерлер үй-бүлөсүнөн чыккан. 1886-1934-жж. аралыгында Тибет жана Орто Азияга чоң эккспедициялар менен илимий саякатка чыккан. Саякат учурунда ал картага көптөгөн тарыхый эстеликтерди, аймактын физикалык ландшафттарын түшүргөн, анын натыйжасында дүйнөлүк картада көптөгөн “ак тактарга” түзөтүүлөр киргизилген. Мисалы, бир гана Тибетте 17 миң чарчы километр жерди картага түшүргөн. Памирге болгон саякатында Гединди оштук кыргыз Исламбек деген жигит коштоп жүргөн жана анын зээндүүлүгүн Свен Гедин абдан жогору баалаган. Исламбек экспедиция учурунда бир нече ирет Свен Гединдин өмүрүн сактап калган экен. Экспедиция учурунда кыргыздардын боз үйүндө түнөгөн С.Гедин кыргыздардын комуз черткенин, комуздун үнүнүн “муңдуу жана монотондуу болгонуна карабастан, сезимге жана азиаттык маанайга толо экендигин жана комуз күүсүн ырахаттануу менен уккандыгын” жазат. Кыргыздардын уруулук түзүлүшүн, уруулардын жайгашуусун ж.б. жазган. Гедин өзүнүн күндөктөрүндө тейит, чала тейит, кара тейит, найман, кыпчак сыяктуу кыргыз урууларын жазат. Бул аймакка бүгүнкү Чоң Алай, Жерге-Тал, Мургаб тараптагы жашаган кыргыздардын жерлери кирген. Свен Гедин швед королу дворян титулун ыйгарган акыркы адам болгон (Титулду1902-ж. алган. Формалдуу түрдө дворяндык институт Швецияда 1975-ж. жоюлган). 1920-1930 жж. аралыгында Свен Гедин дүйнөдөгү эң белгилүү шведдердин бири болгон, анын китептери дүйнөнүн көп жерлеринде (анын ичинде СССРде да) басылып чыгарылган. Анын Азияга болгон саякаттары көптөгөн “кабинеттик” изилдөөчүлөрдү, анын ичинде Аурель Стейнди да шыктандырып, алардын саякат кылуусуна себепчи болгон. Консерватордук көз караштагы Свен Гедин пангермандык кыймыл менен байланышта болуп, биринчи дүйнөлүк согушта германофилдик позицияны колдогон. Экинчи дүйнөлүк согушта (1940-1945 жж.) фршисттик Германияны колдогон китеп жана макалаларды жарыялап турган. А.Гитлер Свен Гединди жаш кездеги кумири жана досу катары эсептеген. Ошол эле учурда Свен Гединдин өтүнүчү аркылуу бир канча еврей үй-бүлөлөрү өлүмдөн сакталып калган. 1940-ж. башында Свен Гедин антиамерикалык китепти басмага даярдаган. Бирок, Германияда китепти жарыялоодон баш тартышкан. Себеби, китепте Гедин канында еврейдин каны бар экендигин мойнуна алган жана андан баш тартпай тургандыгын белгилеген эле. Бирок, согуштун аягында А.Гитлер өзүн өзү өлтүргөндө, Свен Гедин “Дагенс Нюхетер” гезитине аны мактаган некролог жарыялаган. Согуштан кийин анын өтүнүчү менен Норвегияда жетекчилик кылган немец генералы Фалькенхорстдун күнөөлөрү кечирилген (өлүм жазасы 20-жылдык түрмөдө камоо өкүмү менен алмаштырылган, көп өтпөй эркиндикке чыккан). Анын жеке архиви Швециянын мамлекеттик архивдеринде сакталып турат.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Genom Persien, Mesopotamien och Kaukasien: reseminnen, 1887
- Genom Khorasan och Turkestan: minnen från en resa i Centralasien 1890 och 1891, 1892-93
- En färd genom Asien (Азияга саякат), 1-2, 1898 (орсуча котормосу: Свен Гедин. В Сердце Азии, Санкт-Петербург, 1899; акыркы басылышы: Свен Хедин "В сердце Азии", Москва, Ломоносовъ, 2010 г.)
- Asien — Tusen mil på okända vägar 1-2, 1903
- Öfver land till Indien 1-2
- Scientific results of a journey in Central Asia 1899—1902, 1-7, 1904-07
- Transhimalaya: upptäckter och äfventyr i Tibet 1-3, 1909-12
- Från pol till pol 1-2, 1911
- Fronten i väster (Батыштагы фронт), 1915
- Kriget mot Ryssland (Россияга каршы согуш), 1915
- Ein Volk in Waffen: den deutschen Soldaten gewidmet (Куралданган эл: неменц солдаттарына арналат), 1915
- Southern Tibet: discoveries in former times compared with my own researches in 1906—1908, 1-12, 1915-22
- Till Jerusalem (Иерусалимге), 1917
- En levnadsteckning, 1920
- Jehol — Kejsarstaden, 1931
- Erövringståg i Tibet, 1934
- Stora hästens flykt, 1935
- Tyskland — 60 år (Германия — 60 жыл), 1939
- Chiang Kai-Shek: marskalk av Kina (Чан Кайши: Кытай маршалы), 1939
- Mitt liv som upptäcksresande (Саякатчынын өмүрү), 1-4, 1930
- History of the expedition in Asia 1927—1935, 1-4, 1943-45
- Utan uppdrag i Berlin (Без поручения в Берлине), 1949
- Mina hundar i Asien, 1952.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015