Светлана Александровна Алексиевич

Википедия дан
Светлана Алексиевич (2024).

Светлана Александровна Алексиевич (белор. Святлана Аляксандраўна Алексіевіч, 1948-жыл 31-май, СССР, Украина ССРи, Станислав) - советтик жана белорусиялык жазуучу, журналист, даректүү тасмалардын сценаристи. Орус тилинде жазат. 2015-жылкы адабият боюнча "Нобель" сыйлыгынын ээси.

Анын көркөм-даректүү кара сөз жанрында жазылган китептери таанымал: "Согуштун жүзү аялдыкындай эмес" (орус. У войны не женское лицо), "Цинк уландар" (орус. Цинковые мальчики), "Чернобль дуасы" (орус. Чернобыльская молитва), "Секонд-хэнд мезгили" (орус. Время секонд-хэнд). Алексиевичтин чыгармалары СССРдин акыркы жылдарындагы турмушка жана постсоветтик доорго арналган, боорукерлик жана гуманизм менен ширелген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нобел сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылы Алексиевич Нобел сыйлыгынын адабият боюнча лауреаты болгон. Сыйлыктын берилиши "анын добуштуу чыгармачылыгы – биздин доордун азабынын жана эркинин эстелиги" – деп негизделген. Светлана Алексиевич – көз карандысыз Белорусиянын тарыхындагы Нобел сыйлыгынын алгачкы ээси; 1987-жылдан бери Нобел сыйлыгын алган орус тилдүү биринчи жазуучу. Сыйлык жарым кылымдан бери биринчи жолу көбүнчө даректүү адабият жанрында иштеген жазуучуга тапшырылган; ошону менен бирге тарыхта биринчи жолу адабият боюнча Нобел сыйлыгы профессионал журналистке ыйгарылган. Сыйлыктын акчалай байгеси 8 млн швед кронун түзгөн (сыйлык берилген учурда 953 миң долларга жакын болгон)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]