Светлана Түкбулатова

Википедия дан

Түкбулатова Светлана Навгатовна (19. 3. 1957-ж. т., Түштүк Казакстан обл.) - балет бийчиси. КРдин эл артисти (2000).

1975-ж. М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик мызкалык-хореогр. окуу жайын бүтүрүп, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик акад. опера жана балет театрында иштеген. 1977-ж. Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) А. Л. Ваганова атындагы акад. хореогр. окуу жайында, 2001-ж. Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде окуган. 1978-2004-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук акад. опера жана балет театрында: Mama (П. И. Чайковский, «Щелкунчик»), Эгино (А. Хачатурян, «Спартак»), Кадича(В. Власов, «Асел»), Мария (Б. Аеафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Китри (Минкус, «Дон Кихот») ж. б. балеттердеги 50гө жакын башкы партияларды аткарган. «Блюз стилиндеги рапсодия», «Квартет», «Эски хореография кечеси», «Коштошуу симфониясындагы роза», «Бүт бардыгын мен cara айтып бергим келет» ж. б. концерттик программаларга да катышкан. «Пластикалык катар», «Күзгү дебют» аттуу телефильмдерге жана «Акыркы пейзаж» аттуу телеспектаклге тартылган. Москва, Ленинград, Сочи, Сибирь, Алтай, Тува, Киев, Ташкент, Алматы, Астанада өткөн эл аралык концерттерге катышкан. Кыргызстандын Япония, Индия, Кытайда өткөн маданият күндөрүндө бийлеген. Театрда иштөө менен бирге педагогдук кесипте да эмгектенүүдө. Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча командасынын чеберлерине хореография боюнча сабак берген. Шакирттери: С. Тлебалдинова, В. Терёхина, Н. Габитова, Ж. Татубаева, В. Самсонова Кыргызстандын чемпиондору. Ал амер. Алексис Вёди Кэти Тибуд Жексондун балет мектебинде окуган. Калинград шаарында «Арабески» балет искусствосу мектебинде эмгектенет. 1999-ж. Астанада өткөн илим, маданият ишмерлеринин жолугушуусунда «Астана» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4