Себеп жана натыйжа

Википедия дан

Себеп жана Натыйжа - бир көрүнүш Себеп өзүнүн иш-аракети менен экинчи көрүнүштү Натыйжа жараткан учурда көрүнүштөрдүн ортосундагы түпкү байланышты көрсөтүүчү философиялык категория.

Нерсе менен көрүнүштүн өз ара аракеттенишүүсү себеп аркылуу байланышуунун негизин түзөт. Себеп жана Натыйжанын өз ара аракеттешүүлөрүнүн биримдиги табигый жана социалдык дүйнөнүн көптөгөн ар түрдүү байланыштарындагы себеп-натыйжалык байланышты бөлүп көрсөтөт да, ал Себептен Натыйжага багытталган бир жактуу таасир экендигин айкындайт.

Себеп мезгил жагынан Натыйжадан жөн гана алдыда турбастан, нерселерди, маалыматтарды, энергияны көчүрүп өтүү аркылуу анын пайда болушун жана жашоосун шарттайт. Мисалы: электрон менен позитрондун өз ара аракеттешүүсү эки фотондун күн-нуру – фотосинтездин жаралышына Себеп болушат. Натыйжа алгачкы Себепке кайтып барбайт: ар-бир конкреттүү акт кайталангыс. Себеп нерсенин, көрүнүштүн структуралык, динамикалык, функционалдык, ж. б. өзгөчөлүктөрү аркылуу өтүп өзгөрүлүү менен Натыйжада «жок болот». Себеп менен Натыйжанын өз ара аракеттенүүсү мезгил жагынан дал келбейт: Себеп дайыма Натыйжадан мурда турат. Натыйжа өз кезегинде башка бир көрүнүшкө Себеп болушу мүмкүн, бирок башка өз ара аракеттенишүүдө гана боло алат. Натыйжа ошондой эле баштапкы Себепке таасир этиши мүмкүн (тескери байланыш), бирок башка мезгил аралыгында.

Себеп менен Натыйжанын өз ара байланышы объективдүү жана зарыл мүнөзгө ээ. Себеп – натыйжалык мыйзам ченемдерди издөө-нерсени же процессти таанып билүүнүн зарыл куралы.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]