Севастополь көтөрүлүшү

Википедия дан

Севастополь көтөрүлүшү - Кара деңиз флотунун матросторунун падышалыкка каршы 1905-ж.

11-15- ноябрда болгон козголоңу.

2000ден ашык адам катышкан. Уюмдаштыруу чогулушун чакырууну, республиканы орнотууну, аскер кызматынын мөөнөтүн кыскартууну ж. б. талап кылган. Большевиктер көтөрүлүштү куралдуу күрөшкө айландырууга аракеттенишкен.

Бирок көтөрүлүшчүлөрдүн аракетсиз коргонуучулук тактикасы падыша өкмөтүнө Севастополь көтөрүлүшүн ырайымсыз басышына жардам берген.

Лейтенант П. П. Шмидт, С. П. Частник, Н. П. Антоненко ж. б. матростор атылган, бир канча жүз адам сүргүнгө айдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.