Северцев Николай Алексеевич

Википедия дан

Северцев Николай Алексеевич (1827-1885), орус зоологу, зоогеографы жана саякатчысы. Россиядагы экологиялык жана эволюциялык окуунун негиз салууучуларынын бири. 1857-1879 жж. Орто Азия, анын ичинде кыргыз ждерин изилдеген, Орто Азиянын, Памирдин жаратылышынын комплекст-географиялык мүнөздөмө берген илимпоз. Н.А.Северцев дворяндын үй бүлөсүндө туулган, атасынын имениеси болгон Воронеж губерниясынын Петровское селосунда үй шартында башталгыч билим алган. 1843-ж. Москва университетине келип кирет. Окуп жүргөн мезгилде Д.Карелин деген белгилүү саякатчы менен жакындашып, Орто Азияны изилдөөнү, ал тарапка саякат уюштуруунун негизги максаты катары койот. Орто Азия ал мезгилде “сырдуу аймак”, “көп тилдүү, маданияты бар” өлкө катары эсептелген. Ал учурда Орто Азия Кокон, Хива хандыктары, Бухара эмирликтеринин карамагында эле. 1856-ж. атайын топ түзүлүп, анын жетекчилигине Н.А.Северцевди дайындашкан. 1857-ж. 18-майында топ Санкт-Петербургдан чыгып, ошол учурдагы орус чеби болгон Оренбургга келип токтошот.Ошол жылы Эмбадан чыккан экспедиция Арал деңизин айланып өтүп, Сыр-Дарыянын төмөнкү агымына, андан ары Кызыл-Кумга чыгышкан.Экспедиция геологиялык, ботаникалык жана зоологиялык бай материалдар менен кайтып келген. Н.А.Северцев каракчылык менен шугулданган кокондуктардын колуна түшүп калат. Орус бийликтери кокондуктардан саякатчынын бошотуусун талап кылышат. Туткундан бошогон жана жараатын айыктырган Н.А.Северцев баркас (кайык) менен Сыр-Дарыянын бассейнин изилдөөгө алган. Сыр-Дарыяга уюштурулган экспедиция өз максатына жетип, зор маалыматтар жана материалдар музейлерге тапшырылган эле. Андан кийин Урал аймагына жиберилет. 1863-ж. Орто Азияны басып алуу үчүн жиберилген генерал Черняевдин аскерлерине кошулуп, мүмүнчүлүктөн пайдаланган саякатчы Сыр-Дарыя жана Чүй суусунун ортолугун изилдейт. Кастек ашуусунан Тянь-Шань тоосуна, анын панорамасына байкоо салат. Талас, Чаткал аймактарын кыдырат, Пишпек, Чимкент, Аулие-Атаны изилдеп, маалыматтарын кагаз бетине түшүрөт. 1867-ж. 14-сентябрынан Тянь-Шанга жүрүш уюштуруп, Нарын жана Аксай тараптарда болгон. Н.А.Северцев 40 жоокер, 15 кызматкер жана эки тилмеч менен Карача-Булак ашуусу аркылуу Ысык-Көлгө түшөт, андан ары октябрдын баш чендерине Нарынга чыгып, Ат-Башы (Сыр-Дарыя суу системасы) жана Аксай (Тарим суу системасы) дарыяларынын өрөөңдөрүн, Какшаал-Тоо тоо кыркаларына чейинки жерлерди изилдейт. Ташкентке келип, андан соң эки айдан кийин Санкт-Петербургга Орто Азиядан, анын ичинен Кыргызстандан жыйналган зор илимий маалыматтар менен келет. Москва университети бул илимий маалыматтар жана изденүүлөр үчүн Н.А.Северцевге корготпостон туруп илимдин докторлук даражасын ыйгарган. Европанын илимий чөйрөлөрү саякатчы жана окумуштуунун эмгектери менен тааныш болушкан эле. Ал бир катар илимий билдирүүлөр менен Париж ж.б. шаарлардагы жыйындарга катышкан, макалалары илимий журналдарга жарыяланган. 1877-ж. Н.А.Северцев тарабынан уюштурулган Фергана-Памир экспедициясы Кызыл-Арттан Көк-Сай өрөөнүнө, Алай өрөөнүнө жүрүш жасаган. 1879-ж. экспедиция өз ишин аяктап, Н.А.Северцев Памир тоо кыркалары Тянь-Шань тоо системасынан өз алдынча экендигин далилдеген. ИРГО тарабынан сыйлыктарга татыктуу болгон. Н.А.Северцев 1885-ж. 26-январында жол трагедиясынан каза табат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015