Сегадор көтөрүлүшү

Википедия дан

Сегадор көтөрүлүшү, Дыйкандар согушу- 1640-52-ж. Каталонияны автономия укугунан ажыратууга аракеттенген испан абсолютизмине каршы Каталонияда чыккан козголон.

Испания менен Франция согушунун убагында (1635-59) болгон. Ага мамлекететтик салыктын көбөйүшү, каталониялыктарды испан армиясына зордоп алуу себеп болгон. Куралданган дыйкандар Барселонаны альта, Каталониянын вице-королу Санта Коломаны өлтүрүшкөн

  • Көтөрүлүшчүлөр 1640-ж. декабрда Франция менен союздук келишим түзгөн.
  • 1651-ж. испандар Барселонаны курчап, ички душмандардын колдоосу менен 1652-ж. октябрда көтөрүлүшчүлөрдөн бошоткон.
  • 1653-ж. январда Филипп IV кайрадан бийликке келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.