Сезгенүүгө каршы дарылар

Википедия дан

Сезгенүүгө каршы дарылар - сезгенүү реакциясын басаңдатуучу каражаттар. Алар этиологиялык жана патогенездик таасир берүүчү болуп бөлүнөт.

Биринчи тобуна антибиотиктер, сульфаниламид дарылары жана башкалар химия терапиялык каражаттар кирет. Булар негизинен белгилүү бир микроорганизмдердин өсүп-өөрчүшүн токтотуп, сезгенүүгө каршы өзгөчө таасир берет. Экинчи тобуна бөйрөк үстүндөгү бездердин гормон препараттары (негизинен глюкокортикоиддер) кирет. Глюкокортикоиддерден кортизон, гидрокортизон, преднизолон жана башкалар белгилүү. Алар сезгенген жердин кан тамырларынын өткөргүчтүгүн азайтат жана сезгенүүнү пайда кылган агентке каршы туташтырма ткандын реакциясын басаңдатат.

Аларды көп убакыт колдонсо, табигый гормондордун синтезделиши басаңдайт. Бул дарыларды ичпей токтотуп койсо бөйрөк үстүндөгү бездердин жетишсиздигинин белгилери пайда болот. Ошондуктан, глюкокортикоиддер менен дарылоону врач гана жүргүзөт.

Кальций туздары да сезгенүүгө каршы таасир берет. Кээ бир дарылар (куруштуруучу заттар, кан тамырды тарытуучу дарылар, адсорбциялоочу заттар) сезгенүүгө каршы жергиликтүү таасир берет. Алар сыртынан сыйпоочу дары майлар, көзгө, мурунга тамчылатуучу эритмелер түрүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8