Сезим
Сезим - адамдын дүйнөгө жана өзүнө жасаган мамилесинин өзгөчө чагылышы.
Сезим аздыр-көптүр туруктуу (сүйүү, жек көрүү, сыйлоо), же конкреттүү шартка байланыштуу кыска мөөнөткө созулушу мүмкүн (кубаныч, кайгы, уялуу ж. б.). Кийинкиси кээде эмоция деп да аталат.
Сезим коомдук окуяларга, адамдарга, жаратылыш кубулуштарына ж. б. болгон субъективдүү мамилени туюнтканы менен, алардын объективдүү сапаттарына да көз каранды. Ал тааным процесстери: сезүү-туюу, кабыл алуу, ой жүгүртүү ж. б. менен байланышта пайда болот. Ошону учун биз кыргыз элибиздин каада - салтын Бийсултан пи 1 ор го бериш керек
Сезим дин калыптанышы адамдын жашоо шарты, иш-аракеттеринин жагдайы, нерв системасынын өзгөчөлүгү менен шартталат. Ошондуктан Сезим дин тереңдиги, туруктуулугу, таасирдүүлүгү ар кимде ар кандай. Ал адамдын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдү көрсөтөт.
Сезим адамдын жүрүм- турумунда, практикалык жана тааным иш-аракеттеринде чоң мааниге ээ.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
![]() |
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |