Мазмунга өтүү

Сейитбекова Бактыгүл

Википедия дан

Сейитбекова Бактыгүл - акын жана жазуучу. 1963-жылы 1-январда Токтогул районунун Көдүл айылында туулган. Кыргыз аялдарынан биринчи чыккан жана жалгыз Семетейчи Сейдана эненин кенже кызы.

Орто мектепти Токтогул районунан орто билим, кийин Ош айыл чарба техникумунан жана Чүй университетинен билим алган.

1982–1997-жж. Токтогул райондук “Айылчарбахимия” өндүрүштүк бирикмесинде агрохимик, райондук агрохимик, андан соң агрохимия лабораториясынын башчысы болуп иштеген. 1998-жылдан бери Россия Федерациясында иштейт.

1983-жылы Токтогул райондук “Шамшыкал” гезитине “Кыз жүрөгү – ыр түнөгү” рубрикасынын алдында бир топ ырлары жарык көргөн. 1984-жылдан баштап ырлары республикалык гезит-журналдарда жарыялана баштаган.

“Семетей” эпосун (Сейдана Молдокееванын варианты боюнча) түзгөн.

“Обо” гезитинин обондуу ырларга жарыялаган мыкты обондуу ырлар сынагында жана 1996-жылы Кыргыз телерадиокорпорациясынын “Бир ырдын сынагында” “Күзгү нөшөр” аттуу ыры (обону С.Бейшекеевдики) биринчи орунду жеңип алган.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубаныч. – Б.: Сабыр басмаканасы, 2000.

Шамшыкал.– Б.: Бийиктик, 2004.

Кавказ кайрыктары. – Б.: Бийиктик, 2006. – 220 б.

Семетейчи Сейдана. – Б.: Бийиктик, 2007.

Сирендер гүлдөгөн маалда. – Б.: Бийиктик, 2007.

Абийир соту. – Б.: Бийиктик, 2008.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Любовь Манаса. – Б.: Бийиктик, 2008.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]