Сейсм толкундары

Википедия дан

Сейсм толкундары - жер титирөөдөн, жарылуудан ж. б. себептерден Жерде таралган термелүүлөр.

Сейсм толкундары

  • 1) деформация тибине карай узата, тууралжын жана беттик,
  • 2) таралышына карай туз, чагылуучу, сынуучу, рефракциялык, дифракциялык ж. б.,
  • 3) таралуу убактысына карай үзгүлтүксүз жана үзгүлтүктүү,
  • 4) сейсмдик чалгындоодо пайдалануу боюнча пайдалуу жана жолто болуучу толкундарга бөлүнөт.

Сейсм толкундарынын эң көп таралган түрлөрү - узата жана тууралжын толкундар. Узата Сейсм толкундарынын аракетинен чөйрөнүн көлөмү өзгөрөт, кысылат жана чоюлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.