Сейталиев, Адис (сүрөтчү)

Википедия дан
Сейталиев Адис
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Сейталиев Адис
Туулган жылы: 1965-жылы 12-декабрь 1965-жыл
Туулган жери: Бишкек, Бишкек,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: сүрөтчү

Адис Сейталиев 1965 жылы Бишкек шаарында туулган.

1980 жылы Бишкек шаарынын №5 мектебинин 8 классын бүтүп ошол эле жылы С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына өтөт. 1984 жылы окуусун бүтүрөт.

Ошол эле жылы Москвадагы В.Суриков атындагы институтуна графика факультетине тапшырып өтөт.

1984 жылдан 1986 жылга чейин аскер милдетин өтөт. 1992 жылы окуусун бүтүп Бишкеке кайтып келет.1996 жылы Кыргызстан сүрөтчүлөр союзуна мүчө болуп өтөт.

Адис Сейталиев ар кандай техникаларда иштейт: живопись, графика, басма графика, видео-арт. Акыркы убакытта кино-исусствосуна кызыгып кино-сүрөтчү жана режиссердук иштери да бар.

2004 жылы режиссер катарында «Кара мольберт» аттуу автордук көркөм кыска метраждуу фильмин тарткан. Ал фильмде азыркы замандагы сүрөтчүнүн ахвалын чагылдырып көрсөткөн.

2009 жылы сүрөтчү катарында «Айдай» аттуу кыска метраждуу фильминде иштеген. Адис озүнүн сүрөттөрү менен сүрөтчү-график катарында Франциядагы Шамалье шаарында Графика триенналесине, Новосибирск шаарында Графика биенналесине такай катышып келе жатат.

2011 жылы май -июнда Италияда Венециялык заманбап искусствонун биенналесине катышуучу катарында чакырылды.