Мазмунга өтүү

Токтоналы Сейталиев

Википедия дан
Сейталиев, Токтоналы‎»‎ барагынан багытталды)
Токтоналы Сейталиев
Туулган датасы:

3 -декабрь 1937(1937-12-03)

Өлгөн датасы:

24 -февраль 2021(2021-02-24) (83 жаш)

Токтоналы Сейталиев (3-декабрь 1937-жыл, (Панфилов району, Жайылма айылы - 2021-жылдын 24-февралы, Бишкек[1]) — опера ырчысы (лирикалык тенор). Кыргыз ССР эл артисти (1974), СССР эл артисти (1984).

1956-ж. Кыргыз опера жана балет театрынын студиясын, 1969-ж. Курмангазы атындагы Казак консерваториясынын вокалдык факультетин бүткөн.

1952—62-ж. Кыргыз опера жана балет театрында хор артисти, 1969-жылдан солист.

1972-жылдан тарта М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу болуп иштейт.

Сейталиев кең диапазондуу үнү бар талаптуу ырчы. Кузнецов (В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев, «Алтын кыз»), Сыргак, Күлчоро (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», .«Айчүрөк»), Тойтук (А. Аманбаев, «Бойдоктор»), Канат (М. Абдраев, «Бороон алдында»), Ленский (П. И. Чайковский, «Евгений Онегин»), Юродивый(М. Мусоргский, «Борис Годунов») ж. б. ролдорун чебер аткаруусу менен профессионалдык бийик деңгээлдеги артист экендигин көрсөткөн.

Классикалык үлгүлөрдөн болгон Альфредди (Ж. Верди, «Травиата»), Герцогдун (Ж. Верди, «Травиата»), Герцогдун (Ж. Верди, «Риголетто»), Неморинонун (Долицетти, «Сүйүү шарабы»), Фаусттун (III. Гуно, «Фауст»), Пиконкертондун (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-Сан») татаал партияларын аткарган.

Сейталиев концерттик ырчы катары да белгилүү. Ал А. Огонбаевдин «Гүл», «Эсимде», Левашовдун «Россиянин булбулдары», орус эл ыры «Мекен», М. Абдраевдин «Жалыныңа күйгөмүн» деген классикалык романсын чебер аткарат.

Көптөгөн чет өлкөлөрдө гасгролдо болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.