Сейталиев Медетбек

Википедия дан

Сейталиев Медетбек (1935–1987) - жазуучу, акын.

Медетбек Сейталиев Талас районунун Үч-Эмчек кыштагында 1935-жылы туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, республикалык «Кыргызстан пионери» гезитинде жана «Жаш Ленинчи» журналында бир топ жылдары иштеген.
М.Сейталиевдин алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөндө эле райондук жана облустук «Жеңиш туусу», «Лениндик туу» гезиттерине жарыяланып, Кийин республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган.
М.Сейталиевдин туңгуч ырлар жыйнагы «Жаштыктын үнү» деген ат менен 1957-жылы жарык көргөн. М.Сейталиев проза жанрында да жемиштүү эмгектенген.
1963 жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жаштыктын үнү: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 155 б.

Ак куулар баяны: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 42 б.

Күндүн шаары: Ырлар, легендалар жана жомоктор. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 120 б.

Торгойлор сайрайт: Повесттер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 123 б.

Медима: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 124 б.

Кылымдарга саякат: Фантастикалык поэма. – Ф.: Мектеп, 1965. – 74 б.

Колукту: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 143 б.

Аскадагы жазуулар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 112 б.

Жашыл аралдар: Повесттер жана новелла. – Ф.: Мектеп, 1973. – 223 б.

Шагылдагы адам: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1975.

Бычак сабындагы өмүрлөр: Документалдуу аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 102 б.

Ырлар жана дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 116 б.

Мунар тоолор: Повесть жана документалдуу аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 228 б.

Күн сапары: Дастан. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 176 б.

Аскалуу этектер: Повесть жана документалдуу аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1981. – 189 б.

Тегирменчинин кызы: Повесттер, даректүү аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 256 б.

Орус тилинде

Дочь мельника: Повесть. – М.: Мол. гвардия, 1978. – 286 с.

КОТОРМОЛОР

Бернс Роберт. Жүрөгүм менин тоолордо: Ырлар жана балладалар /Котор.: О.Султанов, М.Сейталиев, А.Өмүрканов. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 120 б.