Секирик

Википедия дан

Секирик өзгөрүлүүчү нерсенин (көрүнүштүн) белгилүү бир чекке жеткен кезинде башталуучу, сандык өзгөрүүлөрдүн сапатка өтүү процесси.

Секириктин мазмуну эки процесстин татаал биримдигинен турат: эски сапаттын жок болуп, сандык да, сапаттык да жактан өзгөрүүгө учураган жаңы биримдиктин жаралышы. Секириктин мыңызы – объектинин, нерсенин бүтүндүгүн, туруктуулугун, анын сапаттык көрүнүшүн бузууга багытталган күчтөр жана тенденциялар ал туруктуулукту сактоону камсыз кылып турган күчтөрдөн артыкчылык калгандыгында.

Мындай артыкчылыктын пайда болушу жана күчөшү нерсенин өзүндөгү өзгөрүүлөргө байланышкан, белгилүү бир чекитте сырткы таасирлер аркылуу да өз туруктуулугун жоготот. Секирик чексиз көп түрдүү формаларда ишке ашат. Анын ичинен өзгөчө айырмалангандары – «жарылуу» түрүндөгү, кескин көрүнүшкө ээ Секирик жана жай мүнөздөгү Секирик


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]